12-декабрда Кыргызстанда адабият күнү белгиленип жатат. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Азаттык” радиосунун архивине жазылып калган маегин жана ал тууралуу макаланын аудио түрмөгүн сунуштайбыз.
Жарандык авиация агенттиги Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) "кара тизмесинен" 2019-жылдын экинчи кварталында чыгып калышы ыктымал экенин билдирди.
Экологдор жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн айтышууда. Борбор калаанын жашоочулары кирдеген аба менен дем алып жатканын сезеби?
Кыргызстанда 2017-жылы 22 миңден ашуун адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 4363 маркумдун сөөгү иликтенген. Бирок калк арасында соттук-медициналык иликтөөнүн жыйынтыгына нааразылар четтен чыгат.
25 min
About Азаттык үналгысы
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.