Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кыргызстан сырттан келчү коркунучка даярбы?
    Чет элдик маалымат булактары тажик-ооган чек арасына жакын жерде “Талибан” кыймылынын күчтөнүп жатканын маалымдоодо. Радикалдашкан куралдуу күчтөрдүн Борбордук Азияга кооптуулугу канчалык, Кыргызстан сырттан келчү коркунучтарга даярбы, күч түзүмдөрүнүн күжүрмөндүүлүгү кандай, өлкө ичинде террордук-экстремисттик күчтөрдүн таасири барбы ж.б.у.с. маселелерди “Арай көз, чарай” берүүсүндө сөз кылабыз. Талкууга Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытов, Чек ара кызматынын полковниги Чолпон Буржуев, “Баткен жоокерлери” комитетинин төрагасы, полковник Сатыбек Молдалиев катышты.
    23 min
  • Мидин Алыбаевдин өзгөчө юмору
    Бул жолу “Жан дүйнө” түрмөгүнөн кыргыз адабиятына отузунчу жылдары келген акын, куйкум сөзү, өзгөчө жоруктары менен эл эсинде калган Мидин Алыбаев тууралуу угасыздар.
    11 min
  • Геннадий Базаровдун мектеби
    "Тарых жана тагдыр" түрмөгүнүн бул жолку уктуруусунда сөз белгилүү киноишмер,
    ондон ашык кинотасмалардын жаратуучусу, документалист жана жазуучу Геннадий Базаров тууралуу болмокчу.
    8 min
  • "Полонез" - Мекен менен коштошуу
    "Тарых жана тагдыр" түрмөгүнүн бүгүнкү уктуруусунда бүт дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири белгилүү музыкалык чыгарма -- Михаил Огинскийдин "Полонези" тууралуу сөз болот.
    9 min
  • Чечилия Бартоли - операнын ханышасы
    Урматтуу угарман, эми сөз кезегин "Тарых жана тагдыр" түрмөгүнө берсек. Бул жолку уктурууда азыркы учурдун эң эле атактуу опера ырчысы, "Италия операсынын примадоннасы" деген атакка ээ болгон Чечилия Бартоли тууралуу сөз кылмакчыбыз. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов обого алып чыкты.
    9 min
  • Азамат Алтай: Совет заманында "Азаттыкка" кат жазгандар болгон
    “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 18-март күнү 65 жыл толот. Ушул датага арнап, "Азаттыктын" архивинен аттуу атайын берүүлөр түрмөгүн сунуштайбыз. Бүгүн сиздерге ошол түрмөктөн "Азаттык" радиосу эмнеден башталган, ал кезде "темир тор" артындагы Германиядан кыргыз кабарчылар кандай берүүлөрдү даярдашканы тууралуу кыргыз кызматынын эң алгачкы журналисти, маркум Азамат Алтай менен маекти сунуш этебиз. Маекти Венера Сагындык кызы 2004-жылы телефондон жаздырып алган.
    21 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…