Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Тилалев: Кыргызстанда жүргөн мыйзамсыз мигранттар 100 миңден ашты
    Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан эмгек мигранттардын саны көбөйүүдө. Бул маселе парламент жыйынында көтөрүлүп, депутат Таабалды Тиллаев мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканын айтып чыкты. Эл өкүлү Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экени белгиледи. Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн келип иштегендер көп, мыйзамдуу иштегенге кандай тоскоолдуктар бар? “Арай көз чарай” талкуусунда сөз кылабыз.
    23 min
  • "Искандерлер" эмне үчүн келди?
    КМШ өлкөлөрүнүн “Антитеррор – 2018” деп аталган аскерий машыгууларынын негизги бөлүгү 25-сентябрда Ысык-Көлдө башталганы турат. Аны утурлай бир катар орусиялык маалымат агенттиктер менен гезиттердин жазганына караганда, Орусия бул машыгуулар үчүн Урал аймагынан “Искандер-М” ракеталык комплекстерин Ысык-Көл облусуна алып келди.
    5 min
  • Бишкекти каптаган өрт коррупциянын жемиши
    Улуттук филармония, ири базарлар, "Арзу" рестораны, "Супара" этнокомлекси ж.б. коомдук эс алуучу жана соода жайларынын өрттөнүп кетишине эмне түрткү болду? Эл көп жүргөн жерлерде тилсиз жоонун алдын алууга болобу?
    25 min
  • Жамаачыланган жарандык авиация
    Быйыл 5-августта "Авиа Траффик" компаниясынын 111 жүргүнчү менен Түркиянын Анталия шаарына жөнөгөн учагы 27 мүнөттөн кийин "Манас" аэропортуна кайра конууга аргасыз болду. Ага чейин 29-июлда ушул эле компаниянын Ош-Анталия багыты боюнча 89 жүргүнчү менен жол тарткан учагы бурамасы чыгып кеткенден улам жерге кайра конууга мажбур болгон. 
    Кыргызстандын жарандык авиация тармагы эмне үчүн өнүгө албай жатат? Эмне үчүн учуунун жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу талабы аткарылбайт? "Азаттык" радиосунун кезектеги "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.
    Талкууга Транспорт жана жол министрлигинин жарандык авиация бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратов, Жарандык авиация агенттигинин учууга жарактуулукту колдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Муканбек Алайчиев жана 1-класстагы учкуч, "Кыргызстан аба жолдору" авиакомпаниясынын мурдагы президенти Төлөнбек Арпачиев катышты.
    27 min
  • Баткен: чек арадагы жаңжал
    Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендеги 4-июнда болгон окуя тууралуу түшүндүрмө берип, жаңжалга тажикстандык чек арачылардын мыйзамсыз аракеттери себеп болгонун билдирди.
    3 min
  • Согуш апааты: Балбүбү атасын кантип тапты?
    Бир үйдүн жалгыз уулу Казакбаев Өмүш 1941-жылы согушка аттанганда оорукта карыган энеси, 27 жаштагы жубайы үч кызы менен калган. Өмүштүн ортончу кызы Балбүбү 78 жылдан кийин, карылыкка жеткенде атасынын изин издеп Орусияга акыркы жылдары эки ирет каттап, акыры тапты.
    7 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…