Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 1,216 episodes available.
March 25, 2025Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Бул таңкы берүү Бишкек убакыты боюнча саат 08:00ден 09:00га чейин обого чыгарылат....more1hPlay
March 24, 2025Кечки радио эфир | 24.03.2025 | Жол эрежесин билбегендер айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайбы?Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Жол эрежелерин билбесе, айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мамлекеттик мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт). Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды....more30minPlay
March 23, 2025Кечки радио эфир | 23.03.2025 | Стамбулдун мэри камалды, аны колдогон митингде 300дөн ашуун киши кармалдыТүркияда сот Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну камакка алууга санкция берди. Түрк маалымат каражаттарынын билдиришинче, Экрем Имамоглуну ишемби күнү беш сааттай суракка алышкан. Жума күнү ушундай эле сурак төрт саатка созулган. Мэр тыюу салынган Күрд жумушчу партиясын колдогонун жана коррупцияга байланыштуу айыптын баарын четке каккан. Мындан кийин сот болуп, прокуратура аны жана ондогон шектүүнү камакка алууну суранган....more30minPlay
March 22, 2025Азаттык: Кечки радио эфир | 22.03.2025 | Британия Орусиянын 30 млрд евролук активдерин камакка алдыУлуу Британия союздаш өлкөлөрү менен биргелешип, Орусияга Украинадагы согушун баштагандан берки эң катаал санкция киргизди. Бул тууралуу 21-мартта британ Каржы министрлиги билдирди.Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 25 млрд фунт стерлингден (дээрлик 30 млрд евро) ашуун орусиялык активдер камакка алынды....more30minPlay
March 21, 2025Кечки радио эфир | 21.03.2025 | Эл аралык миграция уюму: 2024-жылы мигранттардын өлүмү көп катталдыЭл аралык миграция уюмунун (IOM) жаңы баяндамасына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 8 938 мигрант каза болду. Бул каттоо жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч. 2023-жылы 8 747 мигранттын өлүмү катталган.“Дүйнө жүзү боюнча мигранттардын өлүмүнүн көбөйүшү кабыл алынгыс жана алдын алууга мүмкүн. Ар бир сан – бул адамдын тагдыры, анын жоголушу үй-бүлөлөр үчүн чоң трагедия”, – деди уюмдун жогорку даражалуу өкүлү Угочи Дэниэлс....more30minPlay
March 20, 2025Кечки радио эфир | 20.03.2025 | Түркияда миңдеген киши Стамбул мэринин кармалышына каршы акцияга чыкты...more30minPlay
March 19, 2025Кечки радио эфир | 19.03.2025 | Путин менен Трамп эмнени макулдашты?Орусиянын президенти Владимир Путин 18-мартта Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө ок атышууну толук токтотууга жетишүү кадамы катары Украинанын энергетикалык секторуна жана инфраструктурасына сокку урууну 30 күнгө токтотууга макул болду....more30minPlay
March 18, 2025Кечки радио эфир | 18.03.2025 | "Азатлык": Ашхабадда турмушка чыга элек аялзаты сары жоолук салынууга милдеттүү болдуАшхабадда күйөөгө чыга элек аялдарды сары жоолук салынып жүрүүгө милдеттендиришти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн редакциясы «Азатлык» радиосу жазды. Маалыматка караганда, аял-кызматкерлерге ошондой тартип киргизген иш берүүчүлөр «үстү жактан» түшкөн көрсөтмөгө шилтеме кылганы менен кимден экенин тактаган жок....more30minPlay
March 18, 2025Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Бул таңкы берүү Бишкек убакыты боюнча саат 08:00ден 09:00га чейин обого чыгарылат....more1hPlay
March 17, 2025Азаттык: Кечки радио эфир | 17.03.2025 | Эки наристеге кайрымдуулук, парламентте көтөрүлгөн маселеКыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы менен 28 бала ооруйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 17-марттагы жыйынында “Кыргызфармация” ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова билдирди....more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 1,216 episodes available.