Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кечки радио эфир | 08.02.2025 | Темирлан Султанбеков сотко жеткирерде кайрадан эсин жоготкону кабарланды
    Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты, "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев аталган партиянын абактагы лидери Темирлан Султанбеков сотко жеткирерде эсин жоготуп, "Тез жардам" чакыртылганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына Султанбеков Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагында экенин жазды.
    Султанбековдун жактоочуларынын билдиришинче, Бишкектеги Свердлов райондук соту 8-февралда "Социал-демократтар" партиясынын лидери жана аталган партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн узартууну карамак. Отурум тууралуу алдын ала айтылган эмес жана адвокаттарга процесске бир саат калганда гана кабар берилген.
    Бишкек шаардык ички иштер башмармалыгы жана сот органдары азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 07.02.2025 | УКМК Улуттук онкология борборунун үч кызматкери кармалганын билдирди
    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы (А.Т.) ушул эле бөлүмдүн дарыгери (А.Х.) жана улук медайым (К.А.) кармалганын билдирди.
    Аларга дары-дармектерди системалуу түрдө эсептен чыгарып, онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатып турган деген айып тагылды.
    Кармалган үч адам атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
    30 min
  • Кызартка кам көргөн экоактивисттер
    “Азаттыктын” “Жер Эне” подкастында Нарындын Чолпон айылындагы тургундардын мээнети менен калыбына келген жайыттар тууралуу айтып беребиз. Айыл активисттери 20 жылдай алектенип жүрүп, такырайып калган 9 миң гектар жайытты калыбына келтирген. Кыргызстандагы жайыттардын аянты 9 млн гектарды түзөт.
    14 min
  • Кечки радио эфир | 06.02.2025 | Израил министри ЦАХАЛга Газанын тургундарын чыгарып кетүү планын даярдоону тапшырды
    Израилдин коргоо министри Исраэл Кац армиясына Газа тилкесинин тургундарын чыгарып кетүүгө даярдык көрүүнү тапшырды. Анын билдирүүсүндө айтылгандай, планга ылайык, Газанын жашоочуларын жердеги өткөрмө пункттар аркылуу чыгаруу, ошондой эле деңиз жана аба жолдору аркылуу да алып кетүү боюнча "өзгөчө макулдашуулар" караштырылат.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 05.02.2025 | Милиция журналистти 825 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалганын билдирди
    Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы, журналист Мээрим Ташыбекованы 800 миң сомдон ашык каражатка алдап кеткен деген шек менен 23 жаштагы адам кармалганын билдирди.
    Маалымат боюнча, журналист 2024-жылы 17-октябрда райондук милицияга өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери деп тааныштырган белгисиз адамдар телефон аркылуу 825 миң сом акчасын алдап котортуп алганын айтып арызданган.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 04.02.2025 | Кытай жооп иретинде АКШнын импортуна тариф киргизди
    Кытай жооп иретинде АКШнын импортуна бажы алымдарын киргизди. Associated Press (AP) агенттиги кабарлагандай, муну менен катар Google компаниясынын кытайлык рыноктогу ишмердигин иликтөөгө киришти.
    Эми 10-февралдан тарта Кошмо Штаттардан алынып келген көмүр менен суюлтулган газга 15%, чийки мунай, айыл чарба техникасына жана мотору күчтүү машиналарга 10% тариф киргизилет.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 03.02.2025 | Ирактын абактарында калган кыз-келиндердин ата-энелери бийликке кайрылды
    Ирактын түрмөлөрүндө калган кыз-келиндердин ата-энелери кыздарын, туугандарын мекенине кайтарып келүүнү суранып бийликке кайрылышууда. Алар 2013-2017-жылдары радикал топтордун азгырыгына алданып кеткен кыз-келиндер кыйын кырдаалда экенин, арасында ооруп жаткандар бар экенин айтышууда. Буга чейин кыргыз бийлиги исламчыл топторго кошулуп кеткен Сирия менен Ирактан 700дөй аял жана балдар алып келингенин жарыялаган. Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын 79 баласы 2021-жылы "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында алынып келген.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 02.02.2025 | Украинанын бир нече аймагы жана Орусиянын Курск облусу кандуу аба соккуларына туш болду
    Дем алыш күндөрү Украинанын бир нече аймагы жана Орусиянын Курск облусу кандуу аба соккуларына туш болду. Бул чабуулдар үч жылга чукулдап бараткан согушту токтотуу боюнча талкуулар жүрүп жаткан учурга туш келди.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 01.02.2025 | Мишустин️ Кыргызстандан орус компанияларына кысымды токтотууну талап кылды
    ️Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолукканда Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын орусиялык компанияларга кысымын жана негизсиз дооматтарын токтотуусун талап кылганын орустардын ТАСС мамлекеттик агенттиги жазды.
    30 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…