Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү “Ала-Арчага” жашырылганбы?
    Айрым тарыхчылар эл оозундагы маалыматтарга таянып, 1938-жылдын кыш, жаз айларындагы репрессия курмандыктары Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнү жайгашкан жерде массалык түрдө жашырылган деп эсептейт. Ал жерде мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыковдун, Кара Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү табылышы мүмкүн. Тарыхчылар ал жайларды изилдөөгө бийликтен уруксат сураган.
    23 min
  • Колыма лагерине айдалган кыргыз: 80 жылдан кийин табылган документтер
    1938-жылы Орусиянын Колыма аймагына лагерге айдалган Осмон Элебесовдун катаал тагдыры, ал тууралуу жарым кылымдан кийин урпактары тапкан архив документтер тууралуу кеп кылабыз. Элебесов юридикалык билими бар, өз доорунун алдыңкы ишмерлеринин бири болгон. Талкууга чоң атасы тууралуу архив маалыматтарды чогулутуп, китеп жазган небереси Айгүл Осмонова, даректүү тасма тарткан режиссер Асанкожо Айтикеев катышты.
    1 hr 6 min
  • "Жатын рагынан эмдөө сактайт, эмчек рагы тукум кууйт"
    Кыргызстанда өткөн жумаларда 120га жакын онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды. "Сергек жашоо" подкастында медицина илимдеринин доктору, онколог Рысбек Абдылдаев санарип лабораториянын өзгөчөлүгү, Жасалма интеллекттин ооруну аныктоодогу жардамы жана ракты дарылоодо кыргыз медицинасын артка тарткан себептер тууралуу айтып бермекчи.
    31 min
  • "Кант диабети бөйрөк менен көздү талкалайт"
    Кыргызстанда расмий эсеп боюнча 84 миңден ашуун адам кант диабети менен каттоодо турат. Адистердин айтымында, дартка чалдыкканын билбей жүргөндөр мындан көп болушу мүмкүн. Кант диабети жылдан жылга жашарып баратабы? Бул ооруга чалдыккан адам эмнеге жашоо таризин өзгөртүшү керек? “Сергек жашоо” түрмөгү бүгүн ушул маселеге арналды.
    30 min
  • “Жерди казганда эле сөөктөр чыкты”. Репрессияда атылгандар жапырт көмүлгөн жай
    11-ноябрда Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-30-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. “Куугунтук курмандыктарында” бул жайдын таржымалы жана Кыргызстандын аймагында репрессия маалында атылган кишилердин сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар тууралуу сөз кылабыз.
    40 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…