Азаттык үналгысы

Азаттык үналгысы

By ЭЕ/АҮNews
Download on the App Store

Азаттык үналгысы episodes

  • Кыргызстандагы сыры ачылбаган аялдар лагери
    Кыргызстанда ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күндү утурлай эле 1920-1930-жылдары сталиндик репрессияда “эл душмандарынын жакыны” катары куугунтукталып, лагерлерге камалган аялдардын тагдырлары тууралуу эки китеп жарык көрдү. “Куугунтук курмандыктары” подкастында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин илимий кызматкери Салтанат Асекова жана “Эсимде” изилдөө аянтчасынын тарыхчысы Гүлзат Алагөз менен талкууладык.
    51 min
  • Кордук көргөн секелек, адилеттик издеген эне
    Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.
    "Адилеттик издейм" подкастына өспүрүм кызы күйөөсүнүн жакын тууганынан ыдык көргөнүн айткан эне кайрылган.
    29 min
  • "Сөөк морт болуп, чорт сынат". Аялдарга өч остеопороз
    Адистердин маалыматында, остеопороз дүйнөдө жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана рак ооруларынан кийин төртүнчү орунда турат. “Сергек жашоо” подкастында бүгүн адамды майыптыкка жеткирген остеопороз жана бул дарттын пайда болуу себептерин кеп кылабыз. Бул дартка чалдыккан бейтаптарды тыңдайбыз. Ошондой эле эндокринолог дарыгер Дилбар Сатарова менен маек курабыз.
    33 min
  • Борбор Азия: Бурмаланган тарых, ойгоно элек эс тутум
    Эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтүмүшүн кайра карап чыгууга далаалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу өзбекстандык тарыхчы Бахром Ирзаев, кыргызстандык тарыхчы Сабыр Арстанов менен талкуулайбыз.
    51 min
  • “Төртөө камалып, экөө атылган”. Бир үй-бүлөнү кайгыга салган репрессия
    Жусуп Кангелди уулу көп жылдар кыргыз тарыхында ысымы аталбай, ың-жыңсыз кеткен сталиндик репрессиянын курмандыктарынын бири. Эмне үчүн Жусуп Кангелди уулу тууралуу көп маалыматтар белгисиз болуп келген? Анын Кара- Кыргыз автоном облусун түзүүдөгү ролу жана чек араларды аныктоого кандай тиешеси болгон? Бул суроолорду Жусуп Кангелди уулунун неберелери, географ илимпоз Саламат Аламанов жана Нурлан Кангелдиев менен талкуулайбыз.
    1 hr 4 min

About Азаттык үналгысы

From the publisher's feed

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…