Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 170 episodes available.
November 28, 2025"Көз кызарып, баш ооруйт". Сасык тумоонун кесепетиКыргызстанда соңку айларда тумоологондордун саны көбөйүүдө. Курч респиратордук оорулар жана сасык тумоо балдар арасында тез тарап, ооруканалар толуп калганы кабарланды. Дарыгерлер быйыл Гонконг тумоосу тарап жатканын, ал өтө кооптуу экенин белгилешүүдө. Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын Балдардын инфекциялык оорулары кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамирахан Ахунбаева сасык тумоо жана курч респиратордук оорулар, алардын башка кооптуу ооруларга окшоштугу, кесепети тууралуу айтып берет....more30minPlay
November 12, 2025"Уйку качып, ой басты". Жан ооругандагы кыйкырыкАкыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда калктын 11 пайызы психикалык бузулуулардан жабыркайт. Адистердин айтымында, соңку убакта депрессия, тынчсыздануу, ар кандай терс ойлордун кучагында калып дүрбөлөңгө түшүп, уйкусуздукка кабылгандар көбөйүүдө. Алардын белгилешинче, мындай симптомдордун айынан коомдо суицид, агрессия өңдүү түрдүү көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Өлкөдөгү менталдык оорусу барларга мамиле, дарылоо ыкмалары кандай? Кыргыз психиатриясы өнүгүүдөбү? “Сергек жашоо” подкастында бүгүн ушул суроолорго жооп издейбиз....more27minPlay
September 04, 2025Улут саламаттыгы: Көп төрөгөн аял ооруйбу?Атайын кызматтын жетекчисинен үй сураган тогуз балалуу эненин окуясынан кийин коомдо үй-бүлөнү пландаштыруу маселеси кайра көтөрүлдү. Көп төрөгөн аял ден соолугун жоготобу? Канткенде улуттун сапаты жакшырат? Эрте эне болуу, бойдон алдырууну кандай тобокелдик коштойт? Кыз баланы канча жашынан гигиенаны сактоого үйрөтүү керек? Аз кандуулуктан, рак оорусун чакырган папиллома вирусунан кантип сактануу керек? “Сергек жашоо” подкастында бул суроолорду Студенттер бейтапканасынын акушер-гинекологдору Гүлзина Мадраимова жана Гүлнур Шыгаева менен талкуулайбыз....more34minPlay
August 19, 2025"Тоо коюнун таштандыдан арылткан Улук акын"Президент Садыр Жапаров элди туш келди таштанды ыргытуу адатын токтотуп, табиятты таза сактоого чакырды. Адистер өлкөдө бул көйгөй курч экенин айтып келет. Ал арада мамлекеттен колдоо күтпөй, таштандыны өз алдынча терген жарандар дагы жок эмес. Талас районунун тургуну, акын Улук Рысалиев Өтмөк ашуусуна жакын жерде, ары-бери каттаган жүргүнчүлөр токточу жерди күн алыс тазалап турат. Ал элди таштанды ыргытпоого чакырып, дубал бооруна төрт куплет ыр дагы жазган. “Жер эне” подкастыбызда табият менен эриш-аркак жашаган акын менен баарлашабыз. Подкастты кабарчыбыз Санжи Туйтунова даярдады....more19minPlay
August 12, 2025"Ысык өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн"Кыргызстанда быйыл жаз алды менен күн катуу ысыды. Дарыгерлер мындай ысык өнөкөт ооруларды козгоп, айрым учурда өлүмгө да жеткириши мүмкүн экенин айтышат. Климат өзгөрүп жаткан шартта адам ысыктан өзүн жана жакындарын коргой алабы? Кантип тамактанып, кандай иштеп, кайсы адаттарды өзгөртүү керек? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго дарыгер, Коомдук саламаттык сактоо институтунун илимий катчысы Нурболот Үсөнбаев жооп бермекчи....more24minPlay
July 03, 2025"Үйүрлүү чегиртке үйгө чейин киреби?"Кыргызстанда быйыл чегиртке жылдагыдан да көбөйүп, айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратты. Айыл чарба министрлиги 92 миңден ашуун гектар аянтты дарылоого аргасыз болду. Соцтармактарда борбор калаанын, Чүйдөгү чакан шаарлардын тургундары чегиртке көп кабаттуу үйгө чейин кирип жатканын жазышууда. “Жер эне” подкастында бүгүн чегирткелер жөнүндө айтып беребиз....more28minPlay
April 07, 2025"Көлгө келген ак куулар арпа-буудай жебейт "2007-жылы чаккан Кызыл китепке жоголуп бараткан канаттуулардын 50дөн ашык түрү кирген. Кийинки редакцияга андан да көп түрү кириши мүмкүн. Жаратылыштын индикатору саналган куштардын жоголушуна аңчылык, жайыт жерлердин какырап, айдоо аянттарынын көбөйүшү, көлмөлөрдүн соолуп, саздардын кургашы себеп экени айтылып келет. "Жер эне" подкастында орнитолог Сейитказы Сагынбаев Кыргызстанды байырлаган канаттуулар жана алардын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берет. Илимпоз менен кабарчыбыз Санжи Туйтунова баарлашты....more26minPlay
March 25, 2025"Эненин тиши кариес болсо балага өтөт"Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапатыбы, экологиянын бузулушубу же билим деңгээлинин түшкөнүбү? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек? Эшикте ойногон балдардын тиши таза болобу? Тиштеги бактериялар жүрөк оорусуна себепкерби? Сөөк кемирүү же катуу алма чайноо тишти бекемдейби? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго балдар стоматологу Албина Закирова жооп бермекчи....more25minPlay
March 11, 2025"Ашказан ооруганда орозону абайлап кармоо керек"Ашказан ооруп, зарна болгон учурда орозону токтотуу керекпи? Ооз жапкандан кийин эмнеге кайра уктабаш керек? Ооз ачкандан кийин дароо аш жегенге болбойбу? “Сергек жашоо” подкастынын бүгүнкү чыгарылышында орозо туткан адам кантип туура тамактанышы керек деген суроого жооп издедик. Биздин коногубуз дарыгер, социалдык медиа аркылуу элге медициналык кеп-кеңеш берген Адилет Жумабаев болмокчу....more24minPlay
March 05, 2025"Жолбун итти аткандан көрө актап кой"Кыргызстанда соңку жылдары жолбун иттер көбөйүүдө. Адистер жолбундар жергиликтүү фаунага коркунуч туудурганы аз келгенсип, жугуштуу ылаңдын да таратуучусу болуп жатканын айтып келишет. Расмий органдар жолбундар маселесин атуу жолу менен чечкенге аракет кылышууда. Зооактивисттер мындай күрөшкө каршы чыгып, жаныбарларды өлтүрүү ордуна тукумсуздандыруу көбүрөөк пайда берерин белгилешет. “Жер Эне” подкастында бүгүн жолбун иттерге байланыштуу маселеге токтолобуз....more26minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 170 episodes available.