Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
November 01, 2025Жаңылыктар | 01.11.2025 | Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилдиАвариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында "акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлүп, чектөө киргизилди....more30minPlay
October 31, 2025Жаңылыктар | 31.10.2025 | Бир суткада жети өлүм. Быйыл жол кырсыгы 30% өстүАкыркы бир суткада Кыргызстанда унаа кырсыгынан жети киши каза тапты. Ош – Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан унаа менен жеңил унаа кагылышып, беш киши мүрт кеткен. Бишкек – Ош унаа жолундагы төрт унаа кагылышкан кырсыктан эки киши каза таап, бир нечеси ооруканага түштү. Жабыр тарткандардын экөө балдар. Мунун алдында эле Бишкекте жашы жете элек балдар унаа айдап кырсыкка кабылган эки учур катталган. Быйылкы жылдын тогуз айында жол кырсыгынан 90дон ашык бала каза болуп, эки миңдейи жаракат алган. Өткөн жылга салыштырганда 30% көп....more30minPlay
October 30, 2025Жаңылыктар | 30.10.2025 | Трамп менен Цзинпин тарифтерди азайтууну, Украина боюнча "чогуу иштешүүнү" макулдашты...more31minPlay
October 28, 2025Жаңылыктар | 28.10.2025 | “Сахарово” борборунда 160 кыргызстандык кармалып туратОрусиянын “Сахарово” миграциялык борборунда ушул күндөрү Кыргызстандын 160 жараны кармалып турат. Анын ичинен 11и аялдар. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Сахарово” борборуна барган учурда белгилүү болду....more30minPlay
October 27, 2025Кечки радио эфир | 27.10.2025 | Трамп Борбор Азиянын лидерлерин Вашингтонго чакырдыАКШнын президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин 6-ноябрда Вашингтондо өтө турган “АКШ-Борбор Азия” (С5+1) саммитине чакырды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылганы айтылды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы чакыруу тууралуу азырынча комментарий бере элек....more31minPlay
October 26, 2025Жаңылыктар | 26.10.2025 | Трамп Украинада тынчтык орнотуу келишими ишке аша турган болсо гана Путин менен жолугарын айттыАКШ президенти Дональд Трамп, Путин менен жолугушуу Украина боюнча тынчтык келишимине жетишүүгө алып келсе гана бул кадамга барарын билдирди.Трамп бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Азияга президенттин Air Force One учагында кетип баратканда журналисттерге айткан. "Убактымды текке кетиргим келбейт" деген ал....more30minPlay
October 25, 2025Жаңылыктар | 25.10.2025 | Бишкек милициясы блогер, контентмейкерлерге мыйзам бузбоо тууралуу эскерттиБишкек шаардык ички иштер башкармалыгы блогерлерге, контентмейкер, видеомейкерлерге жана социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына мыйзамды сактоо тууралуу эскертти. Анда соңку кездери коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, укугуна шек келтирген түз эфирлер, пранктар көбөйгөнү белгиленген....more30minPlay
October 24, 2025Кечки радио эфир | 24.10.2025 | Кытай армиясынын жетекчилигинде тазалоо жүрүүдөКытай армиясынын жетекчилигинде тазалоо жүрүүдө. Үстүбүздөгү аптада тогуз генерал кызматтарынан алынды жана коммунисттик партиянын катарынан чыгарылды. Коргоо министрлиги алар параколукка шектелип жатканын билдирди. Партиянын пленумунда экономикалык өнүгүүнү планы бекитилди жана Борбордук комитеттин жаңы мүчөлөрү шайланды....more30minPlay
October 23, 2025Жаңылыктар | 23.10.2025 | Баткенде эл чек арадагы жаңы айылга көчө баштадыТажикстан менен чек араны тактоодо жери алмашууга туш келген тургундарды Баткен шаарынын четиндеги Жаңы Достук айылындагы жаңы курулган үйлөргө көчүрүү иштери башталды. Маалыматка караганда Жаңы Достукта жалпы 181 турак үй курулуп бүттү. Учурда жол, бала бакча жана башка социалдык объектилердин курулушу, суу жеткирүү, жашылдандыруу иштери жүрүүдө. 22-октябрда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, көчүрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы бөлүнүп, кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө....more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.