Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.
August 15, 2025Жаңылыктар | 15.08.2025 | Там-ташы бузулгандарга ипотекалык үй берилери айтылдыПрезидент Садыр Жапаров буга чейин мыйзамсыз тилкелерге турак жай салып, учурда үйү түртүрүлүп жаткан жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй берүүнү тапшырганын билдирди....more30minPlay
August 14, 2025Жаңылыктар | 14.08.2025 | Нарын: Көпүрө кыйрап сууга аккан айдоочу дагы деле изделүүдөНарында эки айылды облус борбору менен байланыштырып турган көпүрө түшүп кетип, бир адамдын сөөгү изделүүдө. Азыр тургундар көпүрөдөн башка альтернативдүү жол жок болгондуктан айылдан чыга албай, Нарын шаарына каттаганга кыйынчылык жаралды. Жергиликтүүлөр 1960-жылдары курулган жыгач көпүрөнүн кулаганы калганын бийликке бир нече жолу кайрылганы менен өз убаганда көңүл бурулбаганын айтышууда. №8 жол тейлөө кызматынын маалымдашынча эми Эки-Нарын жана Орук-Там эли Кара-Кужур-Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там жолу менен каттап турушат. Нарын шаарына чейин 240 чакырым болот....more31minPlay
August 13, 2025Жаңылыктар | 13.08.2025 | Түштүк Кореянын абактагы экс-президентинин аялы да камалдыСеулдагы сот шейшембиде өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды.Юн былтыр декабрда оппозициячыл парламенттин каршылыгын жеңиш үчүн Түштүк Кореяда аскердик абал киргизүүгө аракеттенип, ал чечимин кайра артка кайтарып, январда кармалып, апрелде президенттик кызматтан четтетилген. Июлда расмий түрдө кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн эркинен ажыратылган....more30minPlay
August 12, 2025Жаңылыктар | 12.08.2025 | Орусиядан 90 миңден ашык кыргыз жараны чыгарылышы мүмкүнОрусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган Кыргызстандын 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-августта Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мындай чара Орусияда жыл башында кабыл алынган миграциялык мыйзамга ылайык көрүлөт. Анда Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш деп жазылган....more31minPlay
August 12, 2025"Ысык өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн"Кыргызстанда быйыл жаз алды менен күн катуу ысыды. Дарыгерлер мындай ысык өнөкөт ооруларды козгоп, айрым учурда өлүмгө да жеткириши мүмкүн экенин айтышат. Климат өзгөрүп жаткан шартта адам ысыктан өзүн жана жакындарын коргой алабы? Кантип тамактанып, кандай иштеп, кайсы адаттарды өзгөртүү керек? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго дарыгер, Коомдук саламаттык сактоо институтунун илимий катчысы Нурболот Үсөнбаев жооп бермекчи....more24minPlay
August 11, 2025Жаңылыктар | 11.08.2025 | ИИМ Көк-Жардагы жер иши боюнча төрт адамды кармадыБишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен үч кызмат адамы жана курулуштарды бузууга каршы чыгып, жолду мыйзамсыз тосууну уюштурууга айыпталып бир жаран кармалды. ИИМ кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлганын билдирди. Буга чейин соттун чечими менен Көк-Жардагы курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалган. Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, протокол түзүлгөн....more30minPlay
August 06, 2025Жаңылыктар | 06.08.2025 | Баткен мамлекеттик университетинен 2170 студент чыгарылдыУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин текшерүүсүнүн жыйынтыгында Баткен мамлекеттик университетинен (БатМУ) жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды. Атайын кызмат билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактыларын аныктаган....more30minPlay
August 05, 2025Жаңылыктар | 05.08.2025 | Окуучулар боюнча маалыматтын 90% санарипке өттүБыйылтан тартып Кыргызстандын мектептеринде окуучулар кагаз түрүндөгү күндөлүк, мугалимдер баа коюлуучу "кызыл" журнал колдонушпайт. Бул тууралуу бүгүн 5-августта Агартуу министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бирим берүү тармагында санариптештирүү жараяны жигердүү жүрүп жатат, окуучулардын демографиялык маалыматынан, социалдык статусунан баштап сабакка катышуусу, алган бааларына чейинки бардык маалыматтын 90% санарипке өттү....more30minPlay
August 04, 2025Жаңылыктар | 04.08.2025 | "Крокустагы" кол салуу боюнча соттук териштирүү башталдыОрусияда 4-августта "Крокус Сити Холлдо" болгон былтыркы кандуу окуя боюнча соттук териштирүү башталууда. Террорчулукка айыпталып жаткандар 19 киши, алардын төртөө кылмыштын түздөн-түз аткаруучулары, калган 15и ошолорго көмөктөшкөн делгендер....more30minPlay
August 03, 2025Жаңылыктар | 03.08.2025 | Орусияда тил билбеген мигранттарды тейлөө тармагында жумушка албоо сунушталды...more30minPlay
FAQs about Азаттык үналгысы:How many episodes does Азаттык үналгысы have?The podcast currently has 881 episodes available.