Эки дарыгер (Eki Daryger)

Эки дарыгер (Eki Daryger)

By Эрмек ИсмаиловHealth & FitnessMental Health
Download on the App Store

Эки дарыгер (Eki Daryger) episodes

  • Аутизмдин белгилери жана мифтер
    🩺 Кезектеги эпизод кайрадан биздин конок невролог менен уланмакчы.
    🩺 Кызыктуу тема болду Аутизм, ошондуктан суроолор дагы көбөйдү, аларга жооп алалы деп чечтик.
    🩺 Аутизмдин белгилери, дарылоо ыкмасы жана жыйтыгы жөнүндө талкуу кылдык.
    27 min
  • Аутизм менен жашаган баланын энеси менен маек
    Эки дарыгер, 5-сезон, 3-эпизод.
    🎧 Бул эпизоддо ата-эне менен маек курдук.
    🩺 ‘Миң укканча, бир көр’ деген макал бар, чынында биз АУТИЗМ эмне экенин түшүнүү үчүн, биз эне менен маек түздүк.
    ☝🏻Өзгөчөчө бала менен жашоо кандай экен, кандай кыйынчылыктар болду жана кантип туура мамиле түзүү керек, деген жооп-кеңештерин берди.
    28 min
  • Аутизм - деген эмне?
    Эки дарыгер аудиоподкаст, 5-сезон, 2-эпизод.
    1-БӨЛҮМ
    🎧 Бүгүнкү эпизодубузда коногубуз Мээрим, невролог адиси менен АУТИЗМ жөнүндө маек курдук.
    🩺 Аутизм- деген эмне? Бул оорубу, же “жашоо образыбы”?
    🩺 Эмне үчүн пайда болот? Себеби барбы?
    🩺 Кантип даарыласа болот?
    🩺 Кандай клиникалык белгилери бар?
    🎧 Кыскача Аутизм жөнүндө маалымат болот.
    24 min
  • «Колго кол» же «Рука в руке» коому тууралуу маек
    Эки дарыгер аудиоподкаст. 5-сезон, 1-эпизод.
    🎧 Бул эпизоддо, сиздерди “Рука в Руке” же “Колго Кол” коомдук бириккен уюм менен тааныштырайлы.
    🩺 Бул өзгөчө коом☝🏻 өзгөчө балдарга жардам берейли, деп ЧОҢ команданы түзүшкөн.
    Команданын мүчөлөрү: дарыгерлер-невролог, психолог, логопед, арт-терапевт ж.б. Жалпы саны 40тан ашат.
    🩺 Эпизоддо сиздерге толугу менен биздин коногубуз айтып берт.
    🩺 Бул Коомдун максаты эмнеде, качан түзүлдү, азыркы учурда кандай жетишкендиктерге жетишишти, деген суроолорго жооп берет.
    ☝🏻 Бүгүн АУТИЗМ КҮНҮ
    АУТИЗГЕ карата бул подкастты жаздырдык.
    26 min
  • Канча жаштан медициналык текшерүүдөн өтүш керек?
    Бүгүн бизде кызыктуу маек, коногубуз Улук Батыргалиев Сексуалдык Репродуктивдик ден-соолуктун Альянсында консультант жана тең-тренери.
    🩺 Сексуалдык Репродуктивдик ден-соолук деген эмне?
    🩺 Темабызды улантуудабыз, “эгер сен өзүндүн ден-соолугуна кам көрсөң, анда өзүңө кайдыгер болбо...” деген ураан менен биз кантип эң биринчи нерсеге көңүл бурушубуз керек?
    🩺 Баарына кызык болгон, канча жаштан баштап, репродуктивдик ден-соолукка кам көрүүбүздү башташыбыз керек, же кичинекей чагыбыздан башташыбыз керекпи?
    🩺 Эгер сексуалдык репродуктивдик ден-соолугубуз биз үчүн маанилүү болсо, кам көрүүнү эмнеден башташыбыз керек?
    🩺 Кандай текшерүүдөн өтүп турушубуз керек?
    🩺Жана башка керектүү суроолорго жооп аласыздар.
    ☝🏻😃 Эки Дарыгер подкастынын 4-сезону Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен Программасы (ЮНЭЙДС) менен биргеликте даярдалган.
    🎧☝🏻 Подкастты ТОЛУГУ менен биздин YouTube /Эки дарыгер/ каналыбыздан уга аласыздар.
    Шилтеме биздин баракчабыздын башкы бетинде☝🏻😃
    30 min
  • Сексуалдык репродуктивдик ден - соолук деген эмне?
    Биз ЮНЭЙДС менен өнөктөштүктө даярдаган СПИД/ВИЧ-подкасттын эпизоду улантууда.
    Бул чыгарылышта жаштардын жыныстык жана репродуктивдик ден-соолугу жөнүндө сөз кылабыз. Бүгүн биздин конок Улук Батыргалиев, Сексуалдык Репродуктивдик ден-соолуктун Альянсында консультант жана тең-тренер. Улук айтылган жерде көптөн бери иштеп келе жатат, жаштардын сексуалдык жана репродуктивдик ден-соолук жөнүндө сапаттуу жана кесипкөй маалымат алуу укугун жигердүү илгерилетип жана коргоп келет.
    31 min
  • ВИЧ/СПИДтин дартын аныктоо жана дарылоо
    Биздин 4-сезондун 3-эпизодунда ВИЧти дарылоо жөнүндө сүйлөшөбүз. Баарыбызга маалым, СПИД оорусу 1981-жылы далилденди, ал эми анын пайда болуу себеби 1983-жылы адамдын иммундук жетишсиздигинин ретровиси, деп табылган. Ондогон жылдар өтүп, бүгүнкү күндө ВИЧти дарылоо үчүн ондогон ретровируска каршы дары-дармектер иштелип чыкты. Заманбап терапия ВИЧ менен жашаган адамдарга вирусту эффективдүү контролдоого мүмкүнчүлүк берет - толук жана сергек жашоого. Дүйнө жүзүндө болжол менен 23,3 миллион адам терапия алууда жана ВИЧ-СПИД менен ооруган адамдын өмүрү ошол эле курактагы ВИЧсиз адамдын өмүрүнүн узактыгынан айырмаланбайт. ВИЧти дарылоо боюнча биздин подкастты угуңуз, эгерде суроолоруңуз болсо, анда биздин центрлерге кайрылсаңыз болот, же @aids_center_kg жазыңыз.
    Эки Дарыгер подкастынын 4-сезону Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен Программасы (ЮНЭЙДС) менен биргеликте даярдалган.
    24 min

About Эки дарыгер (Eki Daryger)

From the publisher's feed

Сүйлөшүү дарылайт