Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.
June 14, 2024"Өзүмдү өрттөйүн дедим". Кемпир-Абад иши үчүн камалган Асанбеков"Адилеттик издейм" подкастына Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан Нурлан Асанбеков кайрылган. Ал 8-июнга караган түнү өзүн өрттөөгө аракет кылганын жана башка көйгөйлөрү тууралуу айтып, соттун адилеттүү чечимин күтүп жатканын айткан....more27minPlay
June 12, 2024Желим баштыктан арылуу аракети үмүттү актайбы?Кыргыз бийлиги 2027-жылдын 1-январынан желим баштык жана идиштерди өндүрүүгө, колдонууга тыюу салууну көздөп жатат. Эл аралык ишкерлик кеңеши ал мүмкүн эместигин айтып, мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунуштады. Желим баштыкка тыюу салуу тажрыйбасын Ысык-Көлдө ишке ашыруу аракети өзүн актап жатабы?...more19minPlay
June 10, 2024Таңкы Азаттык"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат....more1hPlay
June 03, 2024Таңкы Азаттык"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат....more1hPlay
June 02, 2024АКШда эмчек рагын жаңыча дарылоону сунуштаган СанияКыргызстандык Сания Щинар АКШдагы Түштүк Дакота университетинин лабораториясында изилдөө жүргүзүп, эмчек рагын айыктыруу үчүн жаңы технология сунуштады. Анын жардамы менен рак клеткаларын жок кылуучу дарыны тери аркылуу жеткирсе болот. "Сергек жашоо" подкастынан угуңуз....more15minPlay
May 27, 2024Борбор Азиядагы чаң. Көйгөй кантип чечилет?Эмне үчүн акыркы акыркы 30 жылда Борбор Азияны чаң басты? Чөлкөмдөгү өлкөлөр көйгөйгө каршы кандай күрөш жүргүзүшү керек? Математиканын чаңды азайтуу жана абадагы кирди тазалоодо кандай ролу бар? Нидерландда иштеп жүргөн кыргызстандык окумуштуу Нурмира Жамангулова “Жер Эне” подкастында ой бөлүшөт....more32minPlay
May 27, 2024“Камчыбектин иши”. Курманжан датканын уулдары кабылган куугунтукБелгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датка тууралуу ондогон эмгек жазылып, кыргыз акын-жазуучулары роман, поэмаларды арнашкан. Документалдуу жана көркөм тасмалар да тартылды. Орусиянын оторчулук доорунда, совет мезгилинде алардын балдары, неберелерине кандай мамиле болду? Дарга асылган Камчыбек Алымбек уулунун иши боюнча архивде эмне материалдар бар? "Куугунтук курмандыктары" подкастында 1930-жылдардын орто чениндеги сталиндик репрессияда атууга кеткен неберелеринин таржымалын тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов менен талкуулайбыз....more29minPlay
May 27, 2024Таңкы Азаттык"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат....more1hPlay
May 21, 2024“Ымыркайыбыз өлүм алдында жатса апасын камашты”"Адилеттик издейм" подкастына тогуз айлык ара төрөлгөн баласы оор абалда ооруканада жатканда жубайы “алдамчылыкка” шек саналып, тергөө абагына камалганына даттанган Оштун тургуну кайрылды. Учурда анын жубайы оорукчан баласы менен тергөө абагында. Ал жубайын үй камагына чыгарып, адилеттүү сот болушун өлкө жетекчилигинен суранды....more27minPlay
May 20, 2024Мураптын бир күнүДыйканчылык жана багбанчылык менен жан баккандар үчүн сууну чыр жаратпай адилет бөлүштүрүп турган киши - мурап. Элеттеги бул кесип абройлуу, бирок түйшүгү көп. Баткендин Самаркандек айылындагы мурап, 58 жаштагы мурап Амирбек Каразаковдун бир күндүк жумушун “Жер Эне” подкастында уктурабыз....more13minPlay
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.