Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.
March 25, 2024Эмоционалдык чарчоо: таасири жана кесепети (1-бөлүк)Эмоционалдык чарчоо эмне болгон симптом жана анын адамдын жашоосу менен менталдык саламаттыгына таасири кандай? "Сергек жашоо" подкастында пcихолог Жакшылык Жыргалбеков бул тууралуу кенен маалымат берет....more27minPlay
March 17, 2024"Жүн менен кошо миң сомдуктар өрттөлөт""Жер Эне" подкастында койдун жүнү жана анын жер семирткич катары пайдасы жөнүндө сүйлөшөбүз. Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жүндүн жер семирткич катары пайдасы, андан киреше алуунун заманбап жолдору тууралуу айтып берди. Кызыктуу баарлашууну угууга чакырабыз....more28minPlay
March 14, 2024“Сурмалуу болом деп, көзүмдөн айрылып кала жаздадым”Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган “Адилеттик издейм” подкастын сунуштайт. Бул жолку уктурууда көзүнүн сурмасын оңдотом деп косметологго кайрылып, бирок шалаакы мамиледен үч жолу операция болгон кыз кайрылды. Ал 2020-жылдан бери адилеттик издеп, укугу бузулуп, ден соолугу жабыркаганына даттанды....more15minPlay
March 13, 20241916: Кытайга чейинки жол, чек арадагы кул базарИзилдөөчүлөр буга чейинки карталарды толуктап, жаңы маалыматтардын негизинде ондон ашык карта түзүшкөн. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң трагедиялуу окуяны визуалдаштыруу аракети кандай жүрүүдө? Үркүндүн толук иликтене элек жагы кайсыл? Чек арадагы кул базар, кулчулукка сатылган кыздардын тагдыры эмне болгон? “Куугунтук курмандыктары” подкастында тарыхчы, окумуштуу Гүлзада Абдалиева жана картограф Талгат Жумашев менен талкуулайбыз....more31minPlay
March 13, 2024"Кызамык оюнчук эмес": Эмдөөдөн эмнеге баш тартышат?Эмне үчүн Кыргызстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйдү? Мунун үч себебин талдап көрдүк: туура эмес маалыматтар, диний ишеним жана медициналык системага ишенбөөчүлүк. “Сергек жашоо” подкастында эмдөө жана ага байланышкан көйгөйлөрдү кызамык оорусунун мисалында айтып беребиз....more12minPlay
March 03, 2024ЖЕР ЭНЕ: Желимден кантип кутулабыз? Ишкердин сунушуКыргызстанда желим таштанды көйгөйүнө каршы күрөшүү чакырыктары эмнеге соцтармакта, жыйындарда гана айтылып, реалдуулукту маселеге көңүл бургандар өтө аз болуп жатат?...more30minPlay
February 26, 2024Гаджетке көз карандылык: Коркунуч жана мүмкүнчүлүктөрТехнология өнүккөнү психологияда санарип көз карандылык түшүнүгү пайда болду. Бирок медицинада азырынча мындай диагноз жок. Гаджеттерге көз карандылык маселеси жакын келечекте коомго, анын ичинде жаңы муунга кандай таасир этиши мүмкүн? "Сергек жашоо" подкастында ушул темага кайрылабыз....more29minPlay
February 20, 2024“Кызыл кыргын”, басмачылык кыймыл: Төрөкул Жанузаков ким?Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөлөрдүн автору Талант Разаков жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен ХХ кылымдын башындагы кандуу окуялар, кыргыз элинин өз алдынчалыкка жетүү мүдөөсү, ошол доордун каармандарынын бири Төрөкул Жанузаков тууралуу кеп кылабыз....more34minPlay
February 18, 2024“Колубуз байлануу”. Геологду эмне түйшөлтөт?Кыргызстандык геологдор мамлекеттик колдоого муктаж болуп турушат. Жабдууларды дээрлик жарым кылымдан бери жаңырбагандыктан, окумуштуулар чет элдик кесиптештери менен атаандаша албай калышты. Геолог Рустам Орозбаев "Жер Эне" подкастында ушул маселелер тууралу кеп курду....more30minPlay
February 11, 2024Инсульт менен инфаркттан корксоң тузду азайтБул ирет туздун ден соолукка пайда-зыяны тууралуу кеп кылабыз. Айрым маалыматтар сизге жаңылык да болушу мүмкүн. Бишкек шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Тамак-аш бөлүмүнүн дарыгери Майрамбүбү Иманкулова тажрыйбасы менен бөлүшөт....more18minPlay
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.