Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.
February 09, 2024“Үйлүү болобуз деп, башыбызга балээ үйдүк”Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургуну Саламат Алымбаева сатып алган жер тилкесине үй салып, бирок узак жылдан бери документи бүтпөй жүргөнүн айтып кайрылды. Буга чейин бул конушта бир эле жер тилкеси бир нече жаранга сатылып, жер талашкан учурлар катталган....more28minPlay
February 03, 2024“Жер Эне”: Кокту-колот очок менен таштандыга толдуКыргызстанда экологияга кам көрүү эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын милдети деген түшүнүк калыптанып жаткан жокпу? Таштанды таштоо маданияты эмне үчүн негизги көйгөйгө айланды? “Жер Эне” подкастында экологдор Гамал Сооронкулов жана Бактияр Асанов менен баарлашуунун экинчи бөлүгүн угууга чакырабыз....more26minPlay
January 29, 2024"Кодулоо көп, колдоо аз". ВИЧ тууралуу түшүнүк тайкыбы?Адамдын иммуножетишсиздик вирусу, дискриминация, кыргыз бийлигинин дартка каршы күрөшүү дарамети тууралуу сөз кылабыз. Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана Адамдын иммуножетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов жооп берет....more36minPlay
January 23, 2024Ырайымсыз жазалоо жана бозгун: совет бийлигине каршы көтөрүлүштөр1930-жылдары совет бийлигинин кулакка тартуу, коллективдештирүү саясатына нааразылыктан улам ондогон көтөрүлүш жана козголоңдор болгон. Көтөрүлүштөр ырайымсыз жазалоо менен коштолуп, көп адамдар ата журтун таштап качкан. Бул окуялар канчалык иликтенген? Алардын кесепети кандай болгон? "Куугунтук курмандыктары" подкастында конокто тарыхчы Гүлзада Абдалиева....more29minPlay
January 19, 2024"Жер Эне": Төрт түлүк мал табиятты талкалайбы?Тоо-кен тармагы жапайы жаныбарларга кандай кедергисин тийгизип жатат? Ал эми төрт түлүк малдан экология кандай зыян көрүүдө? Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт. Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт....more25minPlay
January 15, 2024Эркектердин саламаттыгы: Тестостерон эмнеге маанилүү?Эркектер үчүн жыныстык саламаттык, гормоналдык тестостерондун деңгээлин бир калыпта кармоо же көтөрүү маселеси дайыма актуалдуу, бирок көпчүлүгү муну ачык талкуулаганды каалабайт. “Сергек жашоо” подкастында уролог-сексолог адистер Нурбек Моңолов менен Мирлан Айбашов ой бөлүшөт....more32minPlay
January 09, 2024Кара-Кыргыз автоном облусунун тарыхыБыйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун негизделгендигине 100 жыл. XX кылымдын башындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн кыл чайнашкан күрөш кандай жүргөн? Республика түзүү идеясынын артында кимдер турган? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов жана тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев менен талкуулайбыз....more42minPlay
January 08, 2024"Жер эне": Изилдөөчү мугалимди лаборатория түйшүгү кыйнап жататБишкектеги №64 мектептин биология мугалими Нуржамал Аметжанова окуучулар менен мамык чөп жана арчадан май алып, илимий тажрыйба өткөрүп келатат. Эмгегине лицензия алайын десе, Кыргызстанда мындай тажрыйбаларга илимий аныктама бере турган лаборатория жок. “Жер эне” подкастын угууга чакырабыз....more25minPlay
January 01, 2024"Майлуу, күчтүү тамактан өттө таш пайда болот"Боор жана өт баштыкчасына кандай кам көрүү керек? Өттөгү таш эмнеден пайда болот? Жарнамадагы витаминдердин баары эле пайдалуубу? Хирургдарды эмнеге "өзүмчүл адистер" дешет? Бул суроолорго Эрмек Исмаилов "Сергек жашоо" подкастында жооп берет....more23minPlay
December 25, 2023"Борбор Азияда 5 млн киши жер которот". Климаттык өзгөрүүнүн кесепетиКыргызстандын экологиясы үчүн эл аралык уюмдар бөлүп жаткан миллиондогон долларды ким көзөмөлдөп, ким бөлүштүрөт? Глобалдык климаттык саясат жана Кыргызстандын стратегиясы кандай? “Жер Эне” подкастынын коногу - Климаттык каржылоо борборунун экс-директору Дастан Абдылдаев....more29minPlay
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.