Sign up to save your podcastsEmail addressPasswordRegisterOrContinue with GoogleAlready have an account? Log in here.
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан а... more
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.
December 18, 2023"Айласыздан жашап жатабыз". Бишкектиктер ыштан кантип коргонот?Кыш ар жылы Бишкекке ышты ээрчите келет. Морлордон, сансыз машинелерден сызылып чыккан түтүндүн жыты кээде каңырсып, баш айланат. "Сергек жашоо" подкастында "Ыштан кантип коргоносуз?" деген суроонун тегерегинде сөз кылабыз....more18minPlay
December 11, 2023"Жер Эне": Кыргызстанда табылган белгисиз өсүмдүктөрКыргызстанда өсүмдүктүн 4000дей түрү өсөт. Бул дээрлик 20 жыл мурдагы маалымат. Ботаниктер эл аралаганда эмнеге өздөрүнүн кесибин айткандан чочулашат? Павловния дарагын көп тиккенге адистер эмне үчүн каршы болгон? “Жер Эне” подкастында өлкөнүн флорасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө сүйлөшөбүз....more21minPlay
December 05, 2023Көркөм мурастарга чабуул: КГБ сандыгына түшкөн кол жазмаларЭкинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРде репрессиянын жаңы толкуну жүргөн. КГБ архивине бир нече элдик мурастар, жазгыч акындардын чыгармалары кулпуланган. “Молдо” деген эпитет кошулуп айтылганы үчүн эле бийликтин каарына калган агартуучулардын жана акындардын мурасы, алардын изилдеп абакка түшкөн окумуштуулардын татаал тагдыры тууралуу кеп кылабыз....more26minPlay
December 05, 2023"Өлтүрүүгө аракет болгон". Алга Кылычевдин абакта көргөн азабыКүч органдары тарабынан ур-токмокко кабылып, абакта криминалдыктоптордун кысымын көрдүм деген активист Алга Кылычев жана анын жубайы бийлик алмашкан 2020-жылдын октябрынан бери деле тиешелүү кызмат адамдары жоопко тартылбай жатканын айтып, кайрылды. Алга Кылычев Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары кармалган учурунда кыйноого кабылганын мындан эки жыл мурун "Азаттыкка" курган маегинде айтып чыккан. Жаза аткаруу кызматы анын кыйноо фактысы боюнча айткандарын четке каккан....more25minPlay
December 04, 2023Кечки радио эфир | 04.12.2023 | ККМге каршы акциялар уландыБазарларда соодагерлер ККМге каршы нааразылык акцияларын улантууда. Бишкекте активист Ырыс Жекшеналиевдин соту аяктады.Газадагы соңку кырдаал....more30minPlay
December 04, 2023"Бөйрөк катуу ооруганда коон жеген да кооптуу"Кыргызстанда соңку жылдары баласынын же жакынынын бөйрөгүн алмаштыруу үчүн элден жардам сурап акча чогулткандарды көп учуратып жатабыз. Адистер бул дарт жашарып жана ага чалдыккандар саны өсүп жатканын айтууда. Бөйрөк оорулары эмнеден пайда болот? Кантип анын алдын алууга болот? Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясы эмнеге кечигип атат? Бул жана башка суроолорго жоопту "Сергек жашоо" подкастыбызда издейбиз....more34minPlay
November 27, 2023Өсүмдүктөрдү сактаган Генбанк тууралуу эмне билесиз?“Жер Эне” подкастында Генетикалык банк тууралуу сүйлөшөбүз. Генбанк - Кыргызстандагы 2600дөн ашуун айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиштердин генофондун сактайт. Генбанк 2010-жылы Швеция өкмөтүнүн жана Скандинавиялык генетикалык ресурстар борборунун Nordgen долбоорунун колдоосу менен ачылган. Азыр кыргыз өкмөтү каржылайт....more9minPlay
November 26, 2023Кечки радио эфир | 26.11.2023 | Орусияда дрон чабуулунан улам аэропорттордун иши токтоп, кайра жандандыОрусиянын абадан коргонуу күчтөрү жекшембиге оогон түнү Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин шаар мэри Сергей Собянин билдирди. Ал арада Москванын "Внуково" жана" Домодедово " аба майдандары ишин убактылуу токтоткону белгилүү болду....more30minPlay
November 25, 2023Кечки радио эфир | 25.11.2023 | Газа тилкесинен эки кыргызстандык эвакуацияландыКыргызстандыктар 24-ноябрь күнү алар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Москвага жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди....more31minPlay
November 24, 2023Кечки радио эфир | 24.11.2023 | Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган пенсионерге 50 миң сом айып салындыТаш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды....more31minPlay
FAQs about Эл үнү:How many episodes does Эл үнү have?The podcast currently has 1,042 episodes available.