Кичинекей кезинде дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Үмүтжан сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясынын алкагында кезектеги подкастты сунуш кылат.
Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Кайырбек машаякчылык жөнүндө айтып берет.
Күз келип, сасык тумоо, дем алуу органдарынын курч сезгенүүсү сыяктуу оорулар күчөйт. Ушундан улам адистер сасык тумоого каршы эмделүүнү сунуштап жатат.
Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык.
Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст көз карандысыз журналист Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Рухидин "Кришна аң-сезими боюнча эл аралык коому" деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет. Ал он жылдан ашуун убакыттан бери аталган диний ишенимди тутунат.
Кыргызстанда пандемиядан каза болгон дарыгерлердин саны улам артууда. 2-июлда “Даңк” медалынын ээси, эмгек сиңирген дарыгер, өпкө, боор оорулары боюнча профессор Исхар Фунлоэр мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Акыркы бир нече суткада каза болгон дарыгерлердин саны улам көбөйүп бара жатат.
10 min
About Эл үнү
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.