Жамал Тазабекова - Кыргызстанда коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үчүнчүсү. Кызы жана кесиптештери азыр жоготуу азабынан кыйналып турган учуру. Ал ортодо Бишкек, Чүйдө оорунун көптүгүнөн кыйналган дарыгерлер медицина системасын талкалаган реформаларга нааразы.
Айдаркендеги кен казууга байланыштуу нааразы болгон демилгечи топ, Алай районунун Сарык-Могол айылында үйү өрттөнүп кеткен көп балалуу акын жана Бишкек шаарында спорт клубдардын, фитнесс залдардын ачылышын күткөндөр кайрылышты.
«Элдик экономика» түрмөгүнүн алкагында, чет өлкөдөгү мигранттардын акча которуусунун азайганынын себептери, андагы экономиканын орду жана башка суроолорго экономист Эркин Абдыразаков жооп берди.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова азыр элди чочулатып жаткан Кытайдагы коронавируска каршы Кыргызстан эмне кылып жатканы тууралуу айтып берди.
8 min
About Эл үнү
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.