Эльвира Маречек. Байбиченин чоң атасы 1930-жылдары Кыргызстанда көзгө басар ишканаларды курган “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Маречек; атасы жана апасы республикада белгилүү альпинисттер.
Хирургдар орозо айында өтүнө таш толуп, уйку бези ооруп кайрылгандардын саны көбөйөрүн белгилешет. Бул айда диний жөрөлгөнү ден соолук менен айкалыштырып аткаруу үчүн кандай азыктаныш керек?
Кыргызстанда уран калдыктарын сактоочу жайлар мындан 45-50 жыл мурун жабылган. Зыяндуу заттар көмүлгөн жерлер көптөн бери кароосуз калып, четиндеги тосмолору урап, бузулган жайлар бар.
Парламенттин сайтына жарыяланган “Кесиптик кошуундар жөнүндө” мыйзам талаш жаратты. Айрым тармактык кесиптик кошуундар мыйзам кайра талкууга коюлбаса, нааразылык акцияларын уюштурууга даяр экенин билдиришти.
Расмий маалымат боюнча, 2018-жылы Кыргыз Республикасында корей улутундагы 17 миңден ашыгыраак жаран жашаган. Акыркы 20 жылда өлкөдөгү корейлердин саны эки жарым миңге кыскарган.
Ири таштанды жайларына ыргытылган пакет, желим бөтөлкө сыяктуу жеңил таштандылар шамал менен учуп, башка аймактарды каптаганы чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул боюнча Талас шаарындагы полигондун мисалында сөз кылабыз.
Жалпы 53 гектар жерди ээлеп жаткан Оштогу таштанды полигону элдүү конушка жакын болсо да ушул күнгө чейин айланасы тосулбай турат. Шаар аймагынан күн сайын 1200 куб таштанды чыгарылат. Бирок таштандынын желим, айнек же темир-тезеги өз-өзүнчө бөлүнбөй туруп полигонго төгүлөт.
4 min
About Эл үнү
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.