Бирок 60 жылдан кийин Шостаковичтин кол жазмаларынын ичинен кокусунан табылган бул чыгармага нидерландиялык музыканттар “Экинчи вальс” деп ат коюп, оркестрге салгандан кийин чыгарма ушул ат менен бүт дүйнөгө тарап кетти.
Комузчу Руслан Жумабаев залкарлардын классикалык күүлөрүн чертүү менен катар комуз музыкасын жаңы мазмун, жаңы ыргактар менен байыткан ондогон күүлөрдү чыгарган.
Демейде бул же тигил инсандын өмүр баянын, жасаган иштерин эскерип отуруп анын тарыхтагы орду тууралуу ой жүгүртөбүз. Бирок тарыхта калыштын миң бир эки жолу, түрлүү оош-кыйыштары болот эмеспи.
Кэролайн Куо Тайвандагы өкмөттүк эмес "Тайпей Жибек Жолу" борборунун көркөм өнөр боюнча жетекчиси. Кэролайн айым бул уюмдун Борбор Азия элдеринин салттуу музыкасын жайылтуу максаты жана Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын чыгармачылыгы жөнүндө ой бөлүшөт.
“Балама”, “Койчунун ыры”, “Күн чыгышым”, “Ак куулар сени сагынаар” өңдүү обондуу ырлар аркылуу кыргыз үнүн алыска тааныткан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушева быйыл жетимишке чыгат.
Бир үйдүн жалгыз уулу Казакбаев Өмүш 1941-жылы согушка аттанганда оорукта карыган энеси, 27 жаштагы жубайы үч кызы менен калган. Өмүштүн ортончу кызы Балбүбү 78 жылдан кийин, карылыкка жеткенде атасынын изин издеп Орусияга акыркы жылдары эки ирет каттап, акыры тапты.
7 min
About Эл үнү
From the publisher's feed
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан…
аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.