
Sign up to save your podcasts
Or


Бүгүн бизде конокто өз атын өзү жасаган жаш программист Азат Максатбеков болду. Жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, өз ойлору жана ар нерсенин кемчиликтерин жана өзгөчөлуктөрүн позитивдүү баяндап берди.
0:09 Таанышуу
01:13 Иш таржымалына киришүү, жеке жашоо тажрыйбалары, университеттик күндөрдөгү кызыктуу окуялар.
13:12 Программдоо тармагындагы Азаттын жумушу, иш таржымалы. АСОИ студиясы жана анын иш тармагы. Жаш окуучу, студенттерге кеңеш. Билим берүү системасын жакшыртууга ойлор жана практикалык кеңештер. Университетке келгенден кийинки күтүүлөр жана күтүүсүз чыныгы жашоонун жүзү.
40:23 Алгачкы иш тажрыйбалар жөнүндө окуялар. Илбирске жумушка кирүү окуясы. Жаш муунду өстүрүүдөгү Азаттын ойлору, жакшы жаштарды чоңойтуудагы ар тараптуу тарбия.
49:50 Бишкек шаары жана анын тургундары тууралуу. Кыргызстандагы жашоонун жакшы тарапка өзгөрүүсү тууралуу.
56:06 Саякаттоо, Кыргызстанда ички саякаттоо, кезүүгө чыгып кой кайтаруу тууралуу.
58:15 Китеп окуу, китеп окууну башка суроолорду чечүүгө колдонуу.
1:01 Иштөө графиги, тасмалар тууралуу баарлашуу. Кыргыз тилиндеги тасмалар. Убакытты туура пландоонун маанилүүлүгү.
1:03 Кыргыз тойлорундагы кемчиликтер жана жакшы жактары, күлкүлүү окуялар Азаттын баяндоосунда. Мал союу боюнча да сөз.
1:10 Сабырдын артындагы байлык. Програмдоочуларга керектелчү сабыр. Программдоо тилдери, програмдоо иши тууралуу. Спортко кызыгуу, спорт менен машыгуу тажрыйбасы, ден-соолукка кам көрүү.
1:26 Сөз аягы. Акыр аяк жакшы сөз.
Бүгүн бизде конокто Ак илбирстерди коргоо жаатында иш алпарган, Кыргызстанда Ак илбирстерди коргоо фондунун жетекчиси жана Snow Leopard Trust уюмунун улуттук координатору Кубанычбек Жумабай уулу болду.
Бүгүн бизде конокто КРнын тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин бөлүм башчысы менен олуттуу темаларда маек курдук.
Мазмуну
Бүгүн бизде конокто ар таланттуу жаш журналист Айпери Хожаева. Журналисттик жумуштун оор-жеңил тарабы, жашоого койгон максаттар жана кыялдар. Жеке тажрыйбалардын баалуулугу жана адамдардын жашоо баалуулуктары жөнүндө кызыктуу маек куруп берди.
Мазмуну
Бүгүн бизде конокто өлкөбүздүн экологияны коргоо жаатына өзүнүн салымын кошуп келе жаткан, өкмөттүк эмес «Unison» коомдук фондунун негиздөөчүсү Нурзат Абдырасулова.
Мазмуну
Бүгүн бизде конокто көп жылдан бери миграция тармагында иштеп жүргөн, учурда Жогорку кеңештин алдындагы миграция кеңешинин катчысы Медер Рахман.
Мазмуну
Бүгүн бизде конокто IT багытындагы Поларис, Келечек, Сириус долбоорлорунун проект менеджери Олжобай Искандер менен маек.
Мазмуну
Раиса Одко. Кыргызстанда билим алып жаткан монгол кызы менен өмүр баяны, Монголия өлкөсү, Кыргызстандагы билим алуусу жөнүндө кызыктуу маек болду. Бүгүнкү коногубуз учурда Кыргыз Манас Түрк университетинде котормочу бөлүмүндө билим алып жаткан монгол кызы Раиса Одко.
Мазмуну
Мазмуну
0:25 Таанышуу
Бул подкастта Азамат Токтакунов жана Жаныбек Мукаштан жыл жыйынтыктоочу кызыктуу маек сунулду. Долбоорлор жөнүндө жана авторлордун жеке тажрыйбасы, Кажы-Кужу подкастынын ички процесстери жөнүндө алчачкы жолу кенен бөлүшүлдү.
From the publisher's feed