Кажы-Кужу

Кажы-Кужу

By КонтентчиLeisureHobbies
Download on the App Store

Кажы-Кужу episodes

  • #40 Гүлзат Баялиева. Илимпоз антрополог менен саясий кризис, илимий изилдөөлөр жана Кыргызстандын келечеги жөнүндө.

    Бүгүнкү коногубуз кыргыздын чыгаан, илимпоз кыздарынын бири, бир нече илимий макалалар, илимий иштердин авторлорунун

    бири Гулзат Баялиева.

    Мазмуну
    0:55 Таанышуу
    1:30 Өмүр баян, бала-чагы, билим жолундагы узак жол.
    8:13 Чет өлкөгө кетүү чечими.
    12:38 Үй бүлөө.
    14:14 Илимпоз кесиби.
    19:15 Илимий изилдөөлөр.
    22:35 Кыргызстандын келечеги жөнүндө.
    27:53 Кыргызстан чет өлкөлүктөрдүн көзү менен.
    33:09 Чет өлкөдөгү  кыргыздардын «Karaan Global» долбоору жөнүндө.


    39 min
  • #39 Турат Алыбаев - онлайн окутуу, программдоо курстары жана мотивация

    Бүгүн конокто күчтүү мотиватор, тилчи, программист, Word, PowerPont, Zoom боюнча видео сабактардын автору Турат Алыбаев менен програмдоо, онлайн билим берүү жана мотивация жөнүндө сөз кылдык.

    Мазмуну

    0:55  Таанышуу.

    2:17  Мугалимдик кесип, программалоого жаңы кадам.
    10:25  Актёрдук жана котормочулук чеберчилик.
    16:35  Билим жөнүндө.
    19:42  Мобилдик тиркемелер.
    27:17  ITге элдин кызыгуусу. Мотивация.
    35:18  Кыргыз тили IT жаатында.
    45:34  Мотивацияны кайдан аласыз?

    58 min
  • #38 Нурсултан Аттокуров. Саякат, ички туризм, жеке бренд, көргөзмө жана ландшафттык фотосүрөт жөнүндө маек.

    Бүгүн конокто саякатчы, Кыргызстандын ички туризм тармагына өзүнүн салымын кошуп жаткан, соц тармактарда жаратылыш суротторун тарткан мыкты фотограф катары да белгилуу болгон, чыгаан жана таланттуу атуулдарыбыздын бири Нурсултан Аттокуров.

    50 min
  • #37 Махабат Садырбек - Европадагы илимий чөйрөдө карьера жасоо, көп тилдүүлүк, котормочулук жана кайрымдуулук иштери

    Бүгүн бизде конокто 20 жылдан ашуун Германияда жашаган, балалык чагы Кочкордун кооз тоолорунда өткөн, бир тилде суйлөп өскөн, азыркы күндө 7 тилди билген, бир эмес, бир нече кесиптин ээси, лигвист, юрист-антрополог, котормочу, кайрымдуулук боюнча элибизге көптөгөн жакшы иштерди жасаган, кийинки учурда билимге, агартууга, аң-сезимди өстүрүү жагына көңүл бөлүп келе жаткан кыргыздын чыгаан кыздарынын бири Махабат Садырбек.

    Мазмуну

    0:10 Таанышуу

    0:46 Кесиптик өмүр баяны.
    1:50 Балалыгы. Билим таржымалы. Германия. Стипендиялар. Брюссель.
    8:41 Көп тил үйрөнүү. Котормочулук. Сайрагүл Сагытпай кызы китеби.
    16:55 Кайрымдуулук иштер. Хобби. Сезим долбоору.
    23:24 Мотивация булагы. Ден-соолук.
    27:45 Германия, жакканы жана жакпаганы.
    30:41 Жаштарга кеңеш. Бактылуулук?
    33:47 Жакшы китеп, кино сунуштар. Ретрит жөнүндө.

    42 min
  • #36 Азизбек Озбеков. Химия, Билимот жана Баткен окуясы

    Бүгүн конокто Химия илиминин жаш адиси, дүйнөлүк олимпиаданын катышуучусу жана Билимот долбоорунун негиздөөчүсү Азизбек Озбеков. Подкастта илим-билим, жаңы долбоордун жаралышы, мектеп окуучулар менен болгон жолугушуулар жана Баткен окуялары жөнүндө маек курдук.

    Мазмуну

    01:15 Таанышуу.

    02:53 Химия сабагы. Сапат лицеи. Дүйнөлүк олимпиада.

    07:11 Жогорку Окуу Жайы.

    10:40 Себат. Орхан Инанды.

    13:56 Алтын сертификат. Түштүк Коррея. Билим. Химия лабораториясы.

    24:13 Bilimot долбоорунун. ЖРТ. Адилеттүүлүк. Хакатон

    44:11 Баткен окуясы.

    1:10:30 Кара-Балтадагы химия лабороториясында жумуш.

    1 hr 18 min
  • #34 Залкар Аскаралиев. Милано 2020 / Мода, Дизайн жана Кол өнөрчүлүк. Тумар салонундагы чыгармачылык.

    Бүгүн конокто Милано 2020 көргөзмөсүнүн катышуучусу, дизайнер жана кол өнөрчү Залкар Аскаралиев. Бул подкастта Залкардын чыгармачылыгы, Бишкек шаары, мода жана кол өнөрчүлүк жөнүндө маек курдук.


    55 min
  • #33 Перизат Сүйүндүк кызы. Германиядагы жашоо жана IT-аусбилдунг

    Бүгүн конокто Германиядан ийгиликтүү IT-аусбилдунг бүтүргөн мекендешибиз Перизат Сүйүндүк кызы. Бул подкастта кантип au-pair программасы менен келип, андан соң аусбилдунг издеп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, контракт алып, аягына чейин окуп, экзамен тапшырым жана програмчы катары жумуш табуу жөнүдө маек курдук.

    Мазмуну

    00:00 Патреонго жазылып мени менен бирге жаңы долбоорлорду баштаңыздар https://patreon.com/toktakunov

    01:30 Конок менен таанышуу. Комьпютер үйрөнүү жана жогорку окуу жай жөнүндө. Au-Pair программасы.
    05:28 Ausbildung (аусбилдунг) деген эмне? IT-аусбилдунг кантип тапса болот? Визалык суроолор. Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети. Диплом текшерүү боюнча.
    14:36 Контракт менен виза алуу кыйынчылыктары. Окуу жана иштөө процесси башталышы.
    20:30 IT-аусбилдунгту кантип тапса болот. Немис тил көйгөйлөрү. Эмне иш кылат ал жакта? Кантип бүтүрөт?
    34:00 Аусбилдунгтун пайдалуу жактары. Окуу бекер болот жана айлык төлөп берет.
    38:00 Аусбилдунгтан кийин жумуш издөө процесси. Программачы болуу үчүн эмне кылуу керек?
    43:00 Айылдагы, шаардагы, Швейцариядагы жана Германиядагы жашоо. Таштандыларды сорттоо. Мигранттар. Аялзатын сыйлоо жөнүндө. Келечек коюлган чоң максат!

    52 min
  • Кажы-Кужу #32 Улан Мелисбек. Балачак, IT, kyrgyz.us, саясат, кыргыздар жана Кыргызстан

    Бүгүн конокто Улан Мелисбек. Бул подкастта билим алуу, IT, чет-өлкөдөгү диаспора, kyrguz.us, саясат, кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө маек курабыз.

    00:00 Конок менен таанышуу. Илгерки интернет. Балачак.

    10:00 Туркия мамлекетинде жогорку билим алуу. Биринчи ишкердик тажрыйбалары. Кыргыз тили жөнүндө
    34:15 Кыргыздардын биринчи онлайн үйү - kyrgyz.us түзүлүшү. Швейцарияда соода жана экономика магистратурасын алуу.
    55:45 Саясатка келиши. Кыргызпатент жана .kg домени жөнүндө
    02:04:13 Апрель ыңкылабы жана андан кийинки жашоо. Google Translate кыргызча. Америкадагы жумуш. Кыргыздар жана Кыргызстан.

    3 hr 1 min
  • Кажы-Кужу #31 Азамат Каработоев. Айыл өкмөттүн сайты, Радио, Шайлоо жана уюм менен соттошуу

    Бул подкастта биз Азамат менен шайлоо, радио жана Бакай-Ата айылынын сайты о.э. эмнеге журналисттер коомчулугу менен соттошуп кеткендиги тууралуу маек курабыз. Азыркы учурда Азамат радио жаатында иш алып барат.

    42 min

About Кажы-Кужу

From the publisher's feed

«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст. Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов. Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн…