“Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү тарыхчы, илимдин доктору, профессор Анварбек Мокеев тарыхый булактардын изилдениши же булак таануу тууралуу сөз кылды. Ал соңку убакта тарыхый булактарга негизделбеген бурмаланган тарых көп жазылып жатканын сынга алды.
Өзбекстандык белгилүү тарыхчы Кахроман Ражабов “Куугунтук курмандыктары” подкастында XX кылымдын башындагы Борбор Азиядагы улуттук боштондук кыймылдар, репрессия темасы боюнча, ошондой эле деколонизация тууралуу маек курду.
Кыргызстан быйыл эгемендигинин 35 жылдыгын белгилейт. "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов менен коммунисттен демократка айланган муун, андан кийинки жылдардагы советтик менталитеттин таасири, эгемендик жылдардан кийинки тарых тууралуу кеп кылабыз.
Доордун каармандары, элдин эс тутумунда бекем сакталып калган тарыхый окуялар болот. Ошол окуяларга кандай баа беребиз, тарыхый инсандардын саясий бейнесин кантип түзөбүз? Кыргызда мемуар жазгандар болдубу? “Куугунтук курмандыктары” подкастында академик Осмонакун Ибраимов менен маек курабыз.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында репрессия мыйзамы кантип ишке ашууда? Изилдөөчүлөр КГБ архивдерине кире алдыбы? Ушул тууралуу репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын жана жумушчу топтун мүчөлөрү, тарыхчылар Аида Кубатова жана Рыскул Жолдошов менен талкуулайбыз.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында 1970-90-жылдар, эркиндик эңсеген, тил, тарых, улут маселесине күйүп-бышкан, эгемендикке талпынган муундун күрөшү тууралуу академик, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев менен талкуулайбыз.
Кыргызстандагы тигүү тармагындагы ишканалар Орусияга товарларын жеткирүүдөгү маселелер толук чечилбей жатканын көтөрүп чыгышты. Бул тармактагы ишкерлер 1-декабрдан тарта Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө өндүрүлгөнүн ырастаган СТ-1 деп аталган документ талап кылына баштаганын айтып чыгышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жумуш тобу Жогорку Кеңешке шайлоодогу №8 округдун №5249 жана №5514 тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин териштирет. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, арыз келип түштү, ал эртең каралат деп пландалууда.
Жекшембиде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча теришитирүүлөр соңуна чыга элек. Буга чейин 460 миң сом тууралуу сөз болуп жаткан 26-шайлоо округундагы төрт тилкенин добуштары жокко чыкканы айтылууда. Буга макул эместигин жана мындай чечимге каршы арыз жазышарын аталган округдан талапкер болгон Элдар Абакиров каршы экенин билдирди. БШК бул округ боюнча айрым маалыматтарды алганын, бирок милициянын чечимин күтөрүн билдирүүдө. ИИМ 460 миң сомго байланыштуу тергөө иштери уланып жатканын кабарлады. БШКнын жумушчу тобу талапкерлердин арыз-даттанууларын кароону улантууда. Ушул эле күнү 17-округдан талапкер болгон Айжан Чыныбаева добуш сатып алуу фактылары боюнча тийиштүү мекемелерге арыз жазганы белгилүү болду
30 min
About Куугунтук курмандыктары
From the publisher's feed
Жазыксыз жерден жайран болгон тагдырлар. Саясий репрессиянын айтылбаган өңүттөрү. Улут трагедиясын унуттурбаган коомдук эс тутум. "Азаттыктын" "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарыхтын актай…