Футбол жылдызы Диего Марадонанын жеке дарыгери "кокусунан адам өлтүрүүгө барган" деп шектелип жатат. Беларуста оппозициянын жекшембидеги акцияларында 300дөн ашык адам кармалды. Иран киши колдуу болгон белгилүү окумуштуу-физик Мохсен Фахризадени акыркы сапарга узатты.
Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык.
Назарыңыздарда “Азаттык” үналгысынын “Жан дүйнө” рубрикасы. Бүгүн аталган радио берүүдөн өткөн кылымдын 90-жылдары популярдуу болуп турган “Биз” эстрадалык тобунун ырчысы Бактияр Токторов менен маекти угасыздар. Баарлашууну кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов уюштурду.
Бир ай мурда өлкөнүн көрүнүктүү кыздарынын бири Орозова Умтул Шейшеевна улуу сапарга узап кетти. Эже кесипкөй режиссёр жана жетекчи катары Кыргыз телекөрсөтүүнүн өсүп-өнүгүүсүнө, адистерди даярдоого зор салым кошкон.
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1995-1991-жылдары Кыргыз телерадиокомитетин жетектеген Умтул Шейшеевна Орозова (1940-2019) өз кызматташтарынын эсинде кесипкөй адис, ишке жан-дили менен күйгөн жетекчи, камкор устат катары калды.
Быйыл залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленип жатат.
"Сыябандын" сыйлуу коноктору: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү композитор Абидин Темиров, Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Саадат Даминова, Германияда жашаган музыкант Тимур Ысыев.
“Жан дүйнө” радио берүүсүнүн бул жолу чыгарылышында Кыргыз эл артисти, кыргыз үнүн дүйнүгө таанытып жүргөн ырчы Бакыт Шатеновдун чыгармачылыгы тууралуу кеп болот. Радио рубриканын бул жолку чыгарылышын кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов сунуштайт.
12 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.