Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жантумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жандүйнөсүн ачып көрсөткөн сюреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт.
Бул жолу Эл артисти, дирижер, "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблинин жетекчиси Рысбек Жумакуновдун чыгармачылыгы тууралуу угасыздар. Жумакунов угармандарга кыргыз классиктеринин бир нече чыгармаларын жогорку көркөмдүктө оркестрлештирген адискөй музыкант катары белгилүү.
Мезгилдин эпкини менен кошо кыргыз тили да сомолонуп, бир жумуруга айланууда. Анын натыйжасында, борбордон алыскы аймактарда жашаган элдин тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүк жоголуп баратат.
Эльвира Маречек. Байбиченин чоң атасы 1930-жылдары Кыргызстанда көзгө басар ишканаларды курган “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Маречек; атасы жана апасы республикада белгилүү альпинисттер.
Немис ойчулу, композитор, акын Фридрих Ницшенин «Эй, адамдар, ташта менин образым, менин образдарымдын образы уктап атат!» деп айтканы бар. Ошол таштай каткан жанды ыр, күү, музыка жибитет.
Сиз танго бийин эчендеген жолу көгүлтүр экрандан же адеми залдан көрсөңүз керек. Өзүңүз да кыймылы бирде жалындай соймоңдогон, бирде кылычтай өткүр бийчилерге кошулуп, бийлегиңиз келгендир.
Сиз танго бийин эчендеген жолу көгүлтүр экрандан же адеми залдан көрсөңүз керек. Өзүңүз да кыймылы бирде жалындай соймоңдогон, бирде кылычтай өткүр бийчилерге кошулуп, бийлегиңиз келгендир.