Демейде бул же тигил инсандын өмүр баянын, жасаган иштерин эскерип отуруп анын тарыхтагы орду тууралуу ой жүгүртөбүз. Бирок тарыхта калыштын миң бир эки жолу, түрлүү оош-кыйыштары болот эмеспи.
Кэролайн Куо Тайвандагы өкмөттүк эмес "Тайпей Жибек Жолу" борборунун көркөм өнөр боюнча жетекчиси. Кэролайн айым бул уюмдун Борбор Азия элдеринин салттуу музыкасын жайылтуу максаты жана Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын чыгармачылыгы жөнүндө ой бөлүшөт.
“Балама”, “Койчунун ыры”, “Күн чыгышым”, “Ак куулар сени сагынаар” өңдүү обондуу ырлар аркылуу кыргыз үнүн алыска тааныткан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушева быйыл жетимишке чыгат.
Бир үйдүн жалгыз уулу Казакбаев Өмүш 1941-жылы согушка аттанганда оорукта карыган энеси, 27 жаштагы жубайы үч кызы менен калган. Өмүштүн ортончу кызы Балбүбү 78 жылдан кийин, карылыкка жеткенде атасынын изин издеп Орусияга акыркы жылдары эки ирет каттап, акыры тапты.
Бул жолу “Жан дүйнө” түрмөгүнөн кыргыз адабиятына отузунчу жылдары келген акын, куйкум сөзү, өзгөчө жоруктары менен эл эсинде калган Мидин Алыбаев тууралуу угасыздар.
"Тарых жана тагдыр" түрмөгүнүн бүгүнкү уктуруусунда бүт дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири белгилүү музыкалык чыгарма -- Михаил Огинскийдин "Полонези" тууралуу сөз болот.
Урматтуу угарман, эми сөз кезегин "Тарых жана тагдыр" түрмөгүнө берсек. Бул жолку уктурууда азыркы учурдун эң эле атактуу опера ырчысы, "Италия операсынын примадоннасы" деген атакка ээ болгон Чечилия Бартоли тууралуу сөз кылмакчыбыз. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов обого алып чыкты.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 18-март күнү 65 жыл толот. Ушул датага арнап, "Азаттыктын" архивинен аттуу атайын берүүлөр түрмөгүн сунуштайбыз. Бүгүн сиздерге ошол түрмөктөн "Азаттык" радиосу эмнеден башталган, ал кезде "темир тор" артындагы Германиядан кыргыз кабарчылар кандай берүүлөрдү даярдашканы тууралуу кыргыз кызматынын эң алгачкы журналисти, маркум Азамат Алтай менен маекти сунуш этебиз. Маекти Венера Сагындык кызы 2004-жылы телефондон жаздырып алган.
21 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.