Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жаңылыктар | 19.09.2025 | Трамп Путинден көңүлү калганын айтты
    18-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен өткөн маалымат жыйында Владимир Путин “анын көңүлүн калтырганын” билдирди.
    Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
    30 min
  • Жаңылыктар | 18.09.2025 | Ташиев: Борборду которууну эл чечет
    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айтты. 18-сентябрда шаардын аталышынын өзгөртүлүшү тууралуу маегинде Кыргызстандын борборун Манаска көчүрүү боюнча коомчулуктагы сөздөргө да комментарий берди.
    31 min
  • Жаңылыктар | 17.09.2025 | “Ош ситинин” ишмердигин комиссия текшерет
    Президент Садыр Жапаров “Ош-Сити” шаарчасынын курулушу боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев сөз болуп жаткан шаарчадан батир алган адамдар менен жолугушууда айтканы белгилүү болду.
    Ал жолугушуу тартылган видео интернетке тарады. Анда Жеңишбек Токторбаев шаарчанын курулушун көрүү үчүн Ошко Бишкектен Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев келип кеткенин айткан.
    30 min
  • Жаңылыктар | 16.09.2025 | Израилдин танктары Газа шаарына кирди
    Маалыматтарга караганда, 16-сентябрга караган түнү бою ЦАХАЛ Газа шаарын бомбалады. Америкалык Axios сайты Израилдин расмий өкүлдөрүнө шилтеме менен армия тилкенин ири калаасын ээлеп алуу үчүн жердеги операциясын баштаганын жазды.
    1 hr 5 min
  • Жаңылыктар | 15.09.2025 | Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алынды
    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирди.
    30 min
  • Жаңылыктар | 14.09.2025 | Украина Ленинграддагы ири мунай заводуна сокку урганын билдирди
    14-сентябрга караган түндө Ленинград облусунда Орусиядагы эң ири мунай зафоддордун бири - "Киришинефтеоргсинтез" заводуна сокку урулуп, жарактан чыкканын Украинанын куралдуу күчтөрү кабарлады.
    Жергиликтүү бийлик Кириши шаарында бир нече учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн, сыныктары кулаган кезде мунай заводунда өрт чыкканын маалымдашты. Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко заводдогу өрт жекшемби таңга жуук өчүрүлгөнүн ырастады. Каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
    1 hr 1 min
  • Жаңылыктар | 13.09.2025 | Чүйдө эки баласын өлтүрүүгө шектелген аял кармалды
    Чүй облусунда 12 жаштагы кызын, эки жашар уулун өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Облустук милициянын маалыматка караганда, 12-сентябрдын кечинде үйлөрдүн биринен жашы жете элек эки баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу жерине барган учурда бычак жеген 2013 (кыз) жана 2023-жылы туулган (эркек) эки баланын сөөгү табылган. Кылмышка шектелип балдардын энеси кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилди.
    30 min
  • Жаңылыктар | 12.09.2025 | Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карылар үйүнө айланат
    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке өтөт. Өкмөт ал имаратка карылар жана балдар үйлөрү ачыларын билдирди. Мурдагы президенттин жакындары бул аракетти мыйзамсыз деп сындашууда.
    Израилдин бийлиги Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө каршы экенин кайрадан кайталады. Ал тапта еврей күчтөрүнүн чабуулуна туш болгон Газа секторундагы гуманитардык абал күн санап оорлоп бара жатат.
    Жогорку Кеңештин депутаттары парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн кол топтоп жатышат. Бул жараян кийинки аптада талкууланып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланышы мүмкүн.
    30 min
  • Жаңылыктар | 11.09.2025 | Мырзакматов 43 гектар жерди кантип алган?
    Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери болгонун билдирди. Ал 10-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда ал жерлерге байланыштуу соттошуу башталганын кабарлады.
    Ушул жана башка жаңылыктарды Азаттыктын кечки радио берүүсүнөн угасыз.
    30 min
  • Жаңылыктар | 10.09.2025 | Орусияда “кара тизмеден” чыкпаган мигранттар эмне болот?
    Кыргызстандын 14 миң 600 жараны гана Орусияда жүрүү үчүн укуктук макамын мыйзамдаштырып, "кара тизмеден" чыкты. Алардын 8 миңдейи Москва аймагында жашагандар.
    Чет элдик жана жарандыгы жок адамдардын Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздерин аныктап, укуктук абалын жөнгө салууга берилген мөөнөт аяктады.
    30 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners