Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жаңылыктар | 09.10.2025 | Орусия мунай заводуна, Украина портко дрондон сокку урулганын билдиришти
    Орусиянын аскердик күчтөрү 9-октябрга караган түнү Украинанын аймактарын дрон менен аткылоону улантып, Одесса облусунун Черноморск шаарына сокку урду. Маалыматка караганда, порт жана энергетикалык инфраструктура жабыркаган, согуш башталганга чейин 57 миң тургуну бар шаар электр жарыгысыз калган.
    Аймактык аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдиргендей, аба чабуулунун кесепетинен, баштапык маалымат боюнча, беш киши жабыркаган. Черноморск шаарынын башчысы энергетикалык объектилерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
    Украин армиясы 9-октябрдын таңында билдиргендей, өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына жалпы 112 дрон учурган. Алардын 22си бутага тийгени кабарланды.
    Ал эми Орусия тараптан Волгоград облусунун Котово шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводго украиналык дрондор менен сокку урулганы айтылууда. Жергиликтүү бийлик “күйүүчү май-энергетикалык комплекстин аймагында өрт тутанганын” билдирген.
    30 min
  • Жаңылыктар | 08.10.2025 | Президент Жапаров Октябрь окуяларында Жээнбековдун бийликтен кетишинин жагдайларын айтты
    Президент Садыр Жапаров Октябрь окуяларынын беш жылдыгына карата “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, 2020-жылдагы кырдаал тууралуу айтып берди. Маекте президент 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын өнүгүшү, өзүнүн кантип өкмөт башчы болуп дайындалганы, жаалданган жарандар менен кантип мунаса тапканы жана андан кийинки көрүнүштөр боюнча кеңири айтып берген.
    30 min
  • Жаңылыктар | 07.10.2025 | Кышында электр жарыгы өчпөйбү?
    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кышка даярдык боюнча өкмөттүк жыйында электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды. Быйылкы кургачылык жана электр энергиясын керектөөнүн өскөнүнөн улам Токтогул суу сактагычында былтыркыдан 1,6 млрд куб аз суу топтолгон. Токтогул ГЭСи электр жарыгынын 33% өндүрөт. Соңку жылдары энергетикалык кризистен чыкпай келаткан Кыргызстандын кышка камылгасы кандай?
    Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн угуңуз.
    30 min
  • Жаңылыктар | 06.10.2025 | Кытайдан унаа ташуу жеңилдейби?
    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан – Кытай багытында эл аралык автоунаа ташууларына уруксат берүү жеңилдетилерин билдирди. Бул тууралуу 6-октябрда аппараттык кеңешмеде айткандай, азыркы система боюнча жүк ташуучулар уруксат алуу үчүн кагаз документтерди даярдайт жана бул бюрократиялык тоскоолдуктарга жана кошумча чыгымдарга алып келет. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн уга аласыз.
    30 min
  • Жаңылыктар | 05.10.2025 | Кыргызстан Ооганстанга 160 тонна гумжардам жеткирди
    Табигый кырсыкта жапа чеккендер үчүн Кыргызстандын атынан Ооганстанга гумжардам жөнөтүлдү. Ош шаарында даярдалган жүктө 130 тонна азык-түлүк, наркы 2 млн сомду түзгөн балдардын жылуу кийим-кечеси жана күнүмдүк зарыл товарлар камтылган.
    25-сентябрда коопсуздук кызматтарынын коштоосунда жолго чыккан кербен 27-сентябрда Өзбекстан аркылуу Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жеткен. Андан ары делегацияны Кыргызстандын Ооганстандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдары тосуп алып, коштоп барган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 04.10.2025 | Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүүдө элдин макулдугу сураларын айтты
    Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасы киргизиле турган болсо бул эл менен кеңешилип чечилерин 4-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди. Ал жазанын катаал түрүн киргизүүгө соңку жылдары балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөтүп өлтүргөн учурлардын көбөйүшү себеп экенин белгиледи.
    Жапаров адам өлтүрүү жана зордуктоо боюнча соңку беш жылдагы статистикалык маалыматтарды келтирген.
    30 min
  • Жаңылыктар | 03.10.2025 | Украина куралдын бир нече түрүнүн жапырт соккусуна кабылды
    Украинада Орусиянын 2-октябрдагы куралдын бир нече түрүнөн аралаш соккуларынан Донецк, Харьков жана Херсон облустары жабыркаганын, жапырт аткылоонун кесепетинен бир кишинин өмүрү кыйылып, 11 киши жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
    30 min
  • Жаңылыктар | 02.10.2025 | Израил Газага жардам жеткирип бараткан гуманитардык кемелерди токтотту
    Израилдин аскер-деңиз флотунун кемелери Газага жардам жеткиребиз деген ураан менен жолго чыккан активисттердин бир нече кемесин токтотконун 1-октябрдын кечинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларга зыян келтирилген жок, ичиндеги адамдар израилдик портторго жеткирилди.
    30 min
  • Жаңылыктар | 01.10.2025 | Кыргызстанда пенсия жогорулады: бир айлык керектөөгө жетеби?
    Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1-октябрдан тарта 10% көбөйдү. Министрлер кабинетинин августтагы токтомуна ылайык, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсия 10%, бирок 600 сомдон кем эмес жогорулайт. Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон жогору болсо – 5000 сомдон көп эмес жогорулайт. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио берүүсүнөн уга аласыз.
    30 min
  • Жаңылыктар | 30.09.2025 | Трамптын планы Газага тынчтык орнотобу?
    АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алып, Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын талкуулады. Бул Трамп президентке киришкен быйылкы жылдын январынан бери Нетаньяхунун Вашингтонго төртүнчү сапары болду.
    30 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners