Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жаңылыктар | 28.10.2025 | “Сахарово” борборунда 160 кыргызстандык кармалып турат
    Орусиянын “Сахарово” миграциялык борборунда ушул күндөрү Кыргызстандын 160 жараны кармалып турат. Анын ичинен 11и аялдар. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Сахарово” борборуна барган учурда белгилүү болду.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 27.10.2025 | Трамп Борбор Азиянын лидерлерин Вашингтонго чакырды
    АКШнын президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин 6-ноябрда Вашингтондо өтө турган “АКШ-Борбор Азия” (С5+1) саммитине чакырды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
    Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылганы айтылды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы чакыруу тууралуу азырынча комментарий бере элек.
    31 min
  • Жаңылыктар | 26.10.2025 | Трамп Украинада тынчтык орнотуу келишими ишке аша турган болсо гана Путин менен жолугарын айтты
    АКШ президенти Дональд Трамп, Путин менен жолугушуу Украина боюнча тынчтык келишимине жетишүүгө алып келсе гана бул кадамга барарын билдирди.
    Трамп бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Азияга президенттин Air Force One учагында кетип баратканда журналисттерге айткан. "Убактымды текке кетиргим келбейт" деген ал.
    30 min
  • Жаңылыктар | 25.10.2025 | Бишкек милициясы блогер, контентмейкерлерге мыйзам бузбоо тууралуу эскертти
    Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы блогерлерге, контентмейкер, видеомейкерлерге жана социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына мыйзамды сактоо тууралуу эскертти. Анда соңку кездери коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, укугуна шек келтирген түз эфирлер, пранктар көбөйгөнү белгиленген.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 24.10.2025 | Кытай армиясынын жетекчилигинде тазалоо жүрүүдө
    Кытай армиясынын жетекчилигинде тазалоо жүрүүдө. Үстүбүздөгү аптада тогуз генерал кызматтарынан алынды жана коммунисттик партиянын катарынан чыгарылды. Коргоо министрлиги алар параколукка шектелип жатканын билдирди. Партиянын пленумунда экономикалык өнүгүүнү планы бекитилди жана Борбордук комитеттин жаңы мүчөлөрү шайланды.
    30 min
  • Жаңылыктар | 23.10.2025 | Баткенде эл чек арадагы жаңы айылга көчө баштады
    Тажикстан менен чек араны тактоодо жери алмашууга туш келген тургундарды Баткен шаарынын четиндеги Жаңы Достук айылындагы жаңы курулган үйлөргө көчүрүү иштери башталды. Маалыматка караганда Жаңы Достукта жалпы 181 турак үй курулуп бүттү. Учурда жол, бала бакча жана башка социалдык объектилердин курулушу, суу жеткирүү, жашылдандыруу иштери жүрүүдө. 22-октябрда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, көчүрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы бөлүнүп, кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө.
    30 min
  • Жаңылыктар | 22.10.2025 | "Асман" шаарын кытайлык компания курабы?
    Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлгөнүн 21-октябрда билдирди.
    Мекеменин маалыматында, сүйлөшүүлөр алгач Шанхайда, кийин Бээжинде уланып, 17-октябрда улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен China Construction Design Institute компаниясынын башкы директору Цао Сянмин меморандумга кол коюшту.
    Сүйлөшүү жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын жана инвестиция салуу боюнча болжолдуу багыттарды талкуулашты.
    Документ инвестициялык, инфраструктуралык жана курулуш тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле Asman City долбоорун ишке ашыруу үчүн заманбап технологияларды жана чет элдик инвестицияларды тартууга багытталган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 21.10.2025 | Франциянын экс-президенти Саркози абакка камалды
    Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози Париждеги Санте түрмөсүнө барды. "Ливия ишине" байланыштуу айыпталып, беш жылга соттолгон Саркози Франциянын экс-президенттеринин ичинен биринчи болуп абакка камалууда. Ал доо арызы каралганга чейин жаза мөөнөтүн бир кишилик, душу бар камерада өткөрөт.
    30 min
  • Жаңылыктар | 20.10.2025 | Украинадагы уруш: Донбасстын тагдыры эмне болот?
    АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен ок атышууну токтотуу талабын аткаруу үчүн Орусияга Донецк облусун берүүнү талкуулабаганын билдирди. Трамп президенттик Air Force One учагынын бортунан журналисттерге Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айтты.
    Буга чейин The Washington Post жогорку кызматтагы эки булакка шилтеме кылып жазгандай, Путин 16-октябрда Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөндө Украина Донецк облусун толук өткөрүп бериши керектигин айткан. Путин буга жооп катары Запорожье жана Херсон облустарындагы Орусия басып алган аймактарды Украинанын өзүнө кайтарууну сунуштаган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 19.10.2025 |Киев менен Москва Запорожье АЭСинин аймагында ок атышпоону макулдашты
    Орусия менен Украина электр түйүндөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Запорожье атомдук электр станциясынын аймагына ок атпоону сүйлөштү. Бул тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) билдирди.
    Европадагы эң ири атомдук электр станциясын Орусия 2022-жылы Украинага кол салганда басып алган. Электр энергиясын өндүрүү токтотулган, бирок станцияга сырттан электр энергиясы менен камсыздоо зарылдыгы бар. АЭСти электр линияларына туташтырган байланыш иштен чыккан, буга Москва менен Киев бири-бирин айыптап жатат.
    Агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси билдиргендей, оңдоочу адистер ок атышууну токтотуу тууралуу келишимдин негизинде объектиге кирүүгө уруксат алышкан. Запорожье атомдук электр станциясы төрт жума бою сырттан электр менен камсыздалбай калган жана электр энергиясын дизелдик генераторлордон алып турган.
    30 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners