Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жаңылыктар | 7.11.2025 | “Криминал менен байланышкан”. БШК айрым талапкерлерди каттаган жок
    Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлерди каттоо 7-ноябрь күнү жыйынтыкталып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрь күнү 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тартты.
    БШКнын мүчөлөрү мындай чечимге криминалга тиешеси бар, акыркы беш жылда өлкө аймагында туруктуу жашаган эмес жана диний ишмердикти саясий максатта колдонгон деген жүйөлөрдөн улам келди.
    Катталбай калган айрым талапкерлер бул чечимдерге нааразы болушууда.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 06.11.2025 | Кыргызстан алгачкы мамлекеттик криптовалюта - стейблкоин чыгарды
    Кыргызстанда атамекендик биринчи криптовалюта - USDKG деп аталган алгачкы стейблкоин чыгарылды. Криптовалютаны Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы каттады.
    Мекеменин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, стейблкоиндин жалгыз негиздөөчүсү - Финансы министрлиги, эмитенти - "Виртуалдуу активдердин эмитенти" акционердик коому. Анын жалгыз акционери Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат.
    USDKG - Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы санарип актив. Анын курсу сомго байланган, каржылоо Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Долбоор санарип экономиканы өнүктүрүү жана эл аралык эсептешүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
    Маалыматка ылайык, Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп өзүнүн санарип активин чыгарган өлкө болуп калды. USDKG активи алтын жана АКШ доллары менен камсыздалган.
    Буга чейин президент Садыр Жапаров улуттук стейблкоинди чыгарууну тездетүүнү жана санарип сомду тестирлөө тапшырмасын берген.
    Криптовалюта бул – блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акчанын жалпы аталышы.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 05.11.2025 | Менчик автомектептер мамлекетке алынып, окуу 14 ай болот
    Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 5-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, эки күн мурда айткан сөздөрүнө түшүндүрмө берди жана унааларды каттоодогу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү реформалар жөнүндө маалымат берди.
    Туманбаев 3-ноябрда Президенттин иш башкармалыгынын жыйынында 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер жабыларын, жалаң мамлекеттик автомектептер каларын айткан. Ал мамлекеттик автомектептерде окуу 14 ай жүрөрүн тактаган.
    31 min
  • Жаңылыктар | 04.11.2025 | Энергетика: "Чексиз тариф" токтойт, эми жарык өчпөйбү?
    Президент Садыр Жапаров элге электр энергиясын колдонууда "чексиз тарифке" өтүү сунушун сындап, ал азыркы шартта жол берилгис деп эсептерин анын басма сөз катчысы билдирди. Буга чейин өлкөдө күнүнө эки ирет жарыктын кубатына чектөө киргизилип, өкмөттүн мындай демилгеси коомчулукта талкуу жараткан.
    30 min
  • Жаңылыктар | 03.11.2025 | Ооганстандагы зилзала кеминде 20 кишинин өмүрүн алды
    Ооганстанда 3-ноябрдагы жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза тапты, жүздөгөнү жабыркады. Магнитудасы 6,3кө жеткен зилзаланын очогу өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарынын жанында жайгашкан.
    30 min
  • Жаңылыктар | 02.11.2025 | Президент Жапаров уулунун "Берекет банкка" негиздөөчү болгону тууралуу маалымат берди
    Президент Садыр Жапаров жаңы ачылган “Берекет банк” жана ага уулу Нурдөөлөт Нургожоевдин негиздөөчүлөрдүн бири болгону тууралуу 2-ноябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде маалымат берди.
    Жаңы санарип банк ачуу сунушун Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бергенин, президент аны мамлекеттик кылып ачууну сунуштаганда Чжао ага макул болбогонун айткан.
    “Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим. Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи”, - деди Садыр Жапаров.
    Президент жаңы ачылган “Берекет банкка” башка да негиздөөчүлөр кошуларын, банк көбүнчө виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иш алып барарын тактады.
    30 min
  • Жаңылыктар | 31.10.2025 | Бир суткада жети өлүм. Быйыл жол кырсыгы 30% өстү
    Акыркы бир суткада Кыргызстанда унаа кырсыгынан жети киши каза тапты. Ош – Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан унаа менен жеңил унаа кагылышып, беш киши мүрт кеткен. Бишкек – Ош унаа жолундагы төрт унаа кагылышкан кырсыктан эки киши каза таап, бир нечеси ооруканага түштү. Жабыр тарткандардын экөө балдар. Мунун алдында эле Бишкекте жашы жете элек балдар унаа айдап кырсыкка кабылган эки учур катталган. Быйылкы жылдын тогуз айында жол кырсыгынан 90дон ашык бала каза болуп, эки миңдейи жаракат алган. Өткөн жылга салыштырганда 30% көп.
    30 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners