Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жаңылыктар | 19.10.2025 |Киев менен Москва Запорожье АЭСинин аймагында ок атышпоону макулдашты
    Орусия менен Украина электр түйүндөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Запорожье атомдук электр станциясынын аймагына ок атпоону сүйлөштү. Бул тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) билдирди.
    Европадагы эң ири атомдук электр станциясын Орусия 2022-жылы Украинага кол салганда басып алган. Электр энергиясын өндүрүү токтотулган, бирок станцияга сырттан электр энергиясы менен камсыздоо зарылдыгы бар. АЭСти электр линияларына туташтырган байланыш иштен чыккан, буга Москва менен Киев бири-бирин айыптап жатат.
    Агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси билдиргендей, оңдоочу адистер ок атышууну токтотуу тууралуу келишимдин негизинде объектиге кирүүгө уруксат алышкан. Запорожье атомдук электр станциясы төрт жума бою сырттан электр менен камсыздалбай калган жана электр энергиясын дизелдик генераторлордон алып турган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 18.10.2025 | Трамп Украинага "Томагавк” ракетасын бербей калдыбы?
    17-октябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолукканда Киевге “Томагавк” ракеталарын берүү тууралуу суроого так жооп болгон жок. Бул Украинанын согуштук стратегиясы жана эл аралык мамилелер үчүн маанилүү талкууну жандантты. Зеленский быйыл ушуну менен үчүнчү жолу Ак үйгө барды. Мунун алдында 16-октябрда Кремлдин өтүнүчү боюнча президент Трамп Орусиянын лидери Путин менен телефондон сүйлөшүп, Будапештте жолугушуу ыктымалдыгын талкуулашкан.
    30 min
  • Жаңылыктар | 17.10.2025 | Трамп менен Путин сүйлөштү. Украинадагы согуш токтойбу?
    АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен бейшембидеги телефондук сүйлөшүүсү жемиштүү болгонун билдирди. Бул тууралуу Трамп орус президенти менен сүйлөшөрүн Truth Social социалдык тармагына жарыя кылгандан 1,5 сааттан кийин жазды. Андан кийин Путин менен Будапештте жолугушууну макулдашканын жарыялады. АКШ президенти Путин менен баарлашуусу жана “көптөгөн маселелер” тууралуу Вашингтонго 17-сентябрда сапар менен келчү Украинанын президенти Владимир Зеленский менен талкуулай турганын да жарыя кылды. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио эфиринде угуңуз.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 16.10.2025 | Трамп Украина чабуул коюуга өтө башташы мүмкүн экенин айтты
    АКШ президенти Дональд Трамп Украина чабуулга өтө башташы ыктымал экенин билдирди. 15-октябрда Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун директору Кэш Пател менен жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп украин тарап мындай аракетке даярданып жаткан болушу мүмкүн экенин айтты.
    30 min
  • Жаңылктар | 15.10.2025 | Көк-Жардагы жерлерди ким мыйзамсыз саткан?
    Бишкек милициясы борбор калаадагы Көк-Жар конушундагы чоң жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлап, мурда Көк-Жар айыл аймагынын башчысы болуп турган Ноокат районунун акимин камакка алды. Милиция Көк-Жардагы 172-контурдагы жер үлүштөрү мыйзамсыз түрдө майда тилкелерге бөлүнүп, жеке турак жай курулушу үчүн деп сатылганы аныкталганын билдирди.
    30 min
  • Жаңылыктар | 14.10.2025 | Володин "кара тизмедеги" 770 миң мигрант Орусиядан чыгарыларын билдирди
    Дүйшөмбүдө Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин өлкөнүн аймагынан 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш экенин билдирди. Бул тууралуу Мамдуманын расмий сайтында жарыяланды.
    Володин бир ай мурун көзөмөл реестринде турган чет элдик жарандарга мыйзамдашууга берилген мөөнөт аяктаганын билдирип, ага үлгүрбөгөн жарандар өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү экенин белгиледи.
    31 min
  • Жаңылыктар | 13.10.2025 | Пакистан менен Ооганстандын чек арасында атышуу болуп, бир нече жоокер өлдү
    Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы беш райондо эки тараптын күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан атышуу болуп, бир нече жоокер өлдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машал” радиосу маалымдады.
    Радионун Пакистандын күч кызматтарындагы булактары ырастагандай, 12-октябрдын таңына карата пакистандык үч жоокер жана бир жайкын тургун мерт болуп, беш киши жаракат алды. Пакистан тараптагы айрым тургундар чек арадан оолактап, коопсуз жактарга жер которуп жатканы кабарланды.
    31 min
  • Жаңылыктар | 12.10.2025 | Ташиев Манас шаары келечекте борбор болуп калышы мүмкүндүгүн билдирди
    Жалал-Абад аталышынан Манас аталышына өзгөргөн шаардын аты жазылган стела 11-октябрдын кечинде расмий түрдө ачылды. Ага катышкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев шаарды Манас деп атоонун себептерине токтолуп, бул стратегиялык максаттарга ылайык келерин билдирди.
    Ташиев мунун алдында мектеп мугалимдери менен жолугуп, анда Манас келечекте борбор болуп калышы мүмкүндүгүн айтты.
    42 min
  • Жаңылыктар | 11.10.2025 | Жогорку Кеңешти шайлоо: 90 депутаттан 34ү кайрадан аттанды
    Кыргызстанда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер болуп катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын бергендердин саны бир апта ичинде 185 кишини түздү.
    Алардын арасында, 10-октябрдагы эсеп боюнча, Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркаткан соңку курамында депутат болгон 34 саясатчы бар. Бардыгы шайлоого катышууга арызын өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары тапшырышкан. Тизме улам жаңыланууда.
    Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген.
    30 min
  • Жаңылыктар | 10.10.2025 | Ошто жети окуучу тамакка ууланды
    Ош шаарында окуучулар тамак-аштан массалык ууланып, ооруканага түшкөнү белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, шаардагы орто мектептердин биринде бир класста окуган жети окуучу мектепке жакын жердеги дүкөндөн сэндвич сатып алып жегенден кийин өздөрүн жаман сезип ооруканга карйылган. Дарыгерлер учурда алардын абалы жакшы экенин билдирди. Бул окуядан шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызмат мектепке жакын жайгашкан эки дүкөндү жаап, бирине 23 миң сом айып пул салган. Ата-энелер мектептердин айланасындагы дүкөндөрдө сатылган азыктарды текшерип, санитардык абалына көңүл бурууна талап кылууда.
    30 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners