Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Жаңылыктар | 13.07.2025 | Тил сынагынан кулаган мигрант балдар Орусиядан чыгарылабы?
    Мектеп жашындагы баласы орус тили боюнча сынак тапшыра албай калган мигранттын бүлөсүн Орусиядан чыгаруу боюнча сунуш Мамдуманын профилдик комитетинде талкууланып жатканын бир катар орусиялык агенттиктер жазды. Орусиядагы кыргыз мигранттары балдарын мектепке киргизе албай даттанып келишет.
    30 min
  • Жаңылыктар | 12.07.2025 | Үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүүнү сунушталды
    Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү кайра киргизүүнү сунуштады. Ал 11-июлда өкмөттө жакырчылыкты азайтууга арналган жыйында колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21% гана, тактап айтканда 54 миң үй-бүлөдөгү 194,8 миң эле бала жөлөк пул аларын “улуттук жаңжал” деп атады. Анын ырасташынча, өлкөдө бир миллиондой, башкача айтканда, ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт.
    Мындан улам ал өкмөттү жана депутаттарды үч жашка чейинки ар бир балага жөлөк пул берүүнү киргизүү маселесин карап көрүүгө чакырды.
    31 min
  • Кечки радио эфир | 11.07.2025 | Украина: бир күндө согуш тилкесинде 200дөн ашуун кармаш катталды
    Соңку бир сутка ичинде Украинадагы согуш тилкесинде орус-украин күчтөрүнүн ортосунда жалпы 214 кармаш катталды. Украин куралдуу күчтөрү жума күнү билдиргендей, салгылашуулардын жарымы Донецк облусундагы Покровск жана Новопавловка аймактарында болду. Украин армиясы Покровск багытында алтымышка чукул чабуулдун мизин кайтарганын маалымдады. Жалпысынан согуш тилкелеринде 5500дөн ашык аткылоолор болду. Алардын үчтөн экисинен көбүндө камикадзе-дрондор колдонулган.
    30 min
  • Жаңылыктар | 10.07.2025 | Азербайжан менен Армения Орусияны ортомчу кылбай элдешеби?
    Абу-Дабиде Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кездешүүсү өттү. Тоолуу Карабакты талашып, 30 жылдан ашуун кармашкан эки өлкө март айында тынчтык келишиминин текстин макулдашышканы менен документке кол коюла элек.
    Айрым эксперттер Москванын Баку менен Еревандын тынчтык жараянына катышпай калганын белгилешет.
    31 min
  • "Үйүрлүү чегиртке үйгө чейин киреби?"
    Кыргызстанда быйыл чегиртке жылдагыдан да көбөйүп, айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратты. Айыл чарба министрлиги 92 миңден ашуун гектар аянтты дарылоого аргасыз болду. Соцтармактарда борбор калаанын, Чүйдөгү чакан шаарлардын тургундары чегиртке көп кабаттуу үйгө чейин кирип жатканын жазышууда. “Жер эне” подкастында бүгүн чегирткелер жөнүндө айтып беребиз.
    28 min
  • Жаңылыктар | 29.06.2025 | Тил мыйзамы: Аткаминерлер мамлекеттик тилди билиши керек
    Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Ага президент кол койсо Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билиши керек болот. Мыйзамда кыргыз тилине байланыштуу мындан башка да нормалар кирди. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан.
    1 hr
  • Жаңылыктар | 05.06.2025 | Орусия: Мигранттын баласы мектепке кантип кирет?
    Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Коомчулук маркум келинди мазактаган блогердин жоопко тартылышын талап кылууда. Эми дүйнөнүн 12 өлкөсүнүн жарандары Америкага кире албайт. Дональд Трамптын жарлыгын бир нече демократ саясатчылар кескин сындады. Мигранттардын балдары оруси тилин билбесе, мектепке кире албайт. Орусияда тил экзаменинин катаалдашы мекендештерди бушайман кылууда.
    19 min
  • Жаңылыктар | 04.06.2025 | Айзиректин өлүмү: Мылтыктын ээси ким?
    Айзиректин күйөөсү мылтыкты кайдан алган? Беш балалуу келиндин өлүмү үй-бүлө зомбулугу эле эмес, мыйзамсыз сакталган курал маселесин да козгоду. Эркин журналист Канышай Мамыркулова айыпты четке кагууда. Сотто анын соцтармактагы жазган постторуна жасалган экспертиза талаш-тартыш жаратты. Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге мунапыс береби? Ал Атамбаевге чыккан сот өкүмү жана Бакиев жөнүндө үн катты.
    - Украина Крым көпүрөсүнө чабуул койду. Орусиянын мамлекеттик агенттиктери көпүрө авариялык абалда деген билдирүүнү четке какты.
    24 min
  • Жаңылыктар | 03.06.2025 | Оштун мурдагы казысы экинчи жолу камалды
    Стамбулда бир саатка жетпеген жолугушуу. Украина менен Орусия тынчтык орнотуу, жок дегенде убактылуу ок атууну токтотуу боюнча мунасага келе алган жок. Оштун мурдагы казысы эмнеге кайра камалды? Ал буга чейин кармалып, бир күндөн кийин эле үй камагына чыккан эле. Нарында жайлоолорго калың кар түшүп, төрт күндөн бери ээрибей турат. Жай мезгилиндеги кардан малчылар чыгым тартып жатышат.
    15 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners