Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-мартта болгон жер титирөөдөн Талас районунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кеткенин билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 11 үй камсыздандырылса, алты турак жай камсыздандырылган эмес. Авариялык абалдагы турак жайлар жок. Ушул тапта тактоо иштери уланып жатат.
Шаршембиде армян парламенти “Армения Республикасынын Еврошаркетке мүчө болуу жараянын баштоо жөнүндө” мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Ага 64 депутат макул, жетөө каршы добуш берди. Добуш берүүгө өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочарян башында турган “Армения” оппозициялык альянсынын депутаттары катышкан жок.
Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапатыбы, экологиянын бузулушубу же билим деңгээлинин түшкөнүбү? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек? Эшикте ойногон балдардын тиши таза болобу? Тиштеги бактериялар жүрөк оорусуна себепкерби? Сөөк кемирүү же катуу алма чайноо тишти бекемдейби? “Сергек жашоо” подкастында ушул суроолорго балдар стоматологу Албина Закирова жооп бермекчи.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, талаш-талкууга кабылды. Буга Президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун Фейсбуктагы билдирүүсү себеп болду. Ал Бакиевдин уулу Максимге жана анын өнөктөштөрүнө таандык "Элкат" компаниясы мамлекетке өткөнүн, эгер мурдагы президент Кыргызстанга келсе ушул өңдүү бир катар кылмыш иштеринин ачылышына өбөлгө болмоктугун белгиледи. Президент Садыр Жапаров буга чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген.