Орусиянын президенти Владимир Путин 18-мартта Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө ок атышууну толук токтотууга жетишүү кадамы катары Украинанын энергетикалык секторуна жана инфраструктурасына сокку урууну 30 күнгө токтотууга макул болду.
Ашхабадда күйөөгө чыга элек аялдарды сары жоолук салынып жүрүүгө милдеттендиришти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн редакциясы «Азатлык» радиосу жазды. Маалыматка караганда, аял-кызматкерлерге ошондой тартип киргизген иш берүүчүлөр «үстү жактан» түшкөн көрсөтмөгө шилтеме кылганы менен кимден экенин тактаган жок.
Кыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы менен 28 бала ооруйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 17-марттагы жыйынында “Кыргызфармация” ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова билдирди.
Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 97 994 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.
Иликтөөнүн авторлору учурда алардын колунда такталып жаткан дагы 10 миңдей билдирүү бар экенин маалымдашты.