Ашказан ооруп, зарна болгон учурда орозону токтотуу керекпи? Ооз жапкандан кийин эмнеге кайра уктабаш керек? Ооз ачкандан кийин дароо аш жегенге болбойбу? “Сергек жашоо” подкастынын бүгүнкү чыгарылышында орозо туткан адам кантип туура тамактанышы керек деген суроого жооп издедик. Биздин коногубуз дарыгер, социалдык медиа аркылуу элге медициналык кеп-кеңеш берген Адилет Жумабаев болмокчу.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов Кыргызстанда 2024-жылдын күз айынан бери эттин баасы 80-120 сомго чейин кымбаттаганын билдирди.
Сирия бийлиги жана ага тиешелүү топтор бир нече күндүн ичинде 600дөн ашык жай тургунду, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүргөнүн өлкөдөгү адам укуктарынын абалына көз салган борбор билдирди.
Алардын көпчүлүгү диний азчылыкты түзгөн алавиттерден болгон. Бул тууралуу Associated Press кабарлады.
Украина Улуу Британиядан Орусиянын камакка алынган активдеринен түшкөн каражаттын эсебинен алгачкы 752 млн фунт же 969 млн доллар каражат алды. Бул тууралуу Украинанын премьер-министр Денис Шмыгал билдирди. Анын айтымында, каражат өлкөнүн коргонуусун бекемдөөгө жумшалат.
Москванын четиндеги Щёлково шаарында бала сатып алууга шектелип кармалган төрт кишинин экөө кыргызстандык жубайлар экени кабарланды. Орус полициясынын маалыматына караганда, шектүү катары жубайлар, баланы төрөгөн түркмөнстандык келин жана акушер-гинеколог кармалган.