Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган жаңы подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга ар аптанын шаршемби күнү микрофон сунабыз. Бул подкастта жабык жайлардын абалы тууралуу кеп кылабыз.
Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери кампаларын ачуу талабын коюп, иш ташташканын билдирди. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун кароо жана кылмыш ишинин акыйкат тергелишин талап кылышууда.
Баланын тилинин кеч чыгышына кандай жагдайлар себеп болот? Гаджеттердин буга кандай таасири бар? Тилдин өнүгүшү менен колдун манжаларынын ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн? “Сергек жашоо” түрмөгүндө ушул темага кайрылабыз.
Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье облусунда айыгышкан салгылаш күч алды. Быйыл Кыргызстандагы Эгемендик майрамы Ош шаарында белгиленди. Кыргыз эл артисти, таанымал композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жогорку Сот Украинадагы согушка катышкан жарандын ишин кайра кароого жөнөттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алды. 30-августта Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алып келинди.
Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялардын алдында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү арууланып, кайра жерге берилген. Бул окуяны коомдук ишмер Роза Айтматова жана тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын запастагы полковниги, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору Болот Абдырахманов менен эскеребиз.
Жалал-Абад шаарында “Барселонанын” академиясы ачылып, ага каталондук клубдун легендалары, президенти Жоан Лапорта жана Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү катышты. Кыргызстанда медиа коомчулук прокуратуранын “Клооп” басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылганын сындап жатат.
Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жоюу боюнча арыз жазды. Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып жүргөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышканы талкууга түштү.
Рустам Жапаровдун журналисттер жарыялаган иликтөөдөгү ишкананын жетекчиси менен байланышы бар экенин ырасталды. Бийликти ачык сындап жүргөн, өткөн аптада "жапырт башаламандыкка чакырган" деген айып менен камакка алынган Олжобай Шакир деген ким? Нарындын Ак-Тал айылындагы мектепке даярдык.
Бишкекте Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташтыгы талкууланууда. Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машиналардын тыгыны азая элек. Бийликти ачык сындап жүргөн, "жапырт башаламандыкка чакырган" деген негизде кармалган публицист Олжобай Шакирдин бейнеси.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.