Социалдык түйүндөр аркылуу бийликти сындаган пикирин ачык билдирип жүргөн жазуучу Олжобай Шакир кармалды. Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршылыгын билдирип жүрүп камакка алынгандар абакта ачкачылык жарыялашты. Кыргыз-казак чек арасында тыгын жоюла элек.
Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси чечиле элек. Кыргыз паспортун алган орусиялыктар көбөйгөнү айтылууда. Орусияда мигранттар улам бир тоскоолдукка кабыла баштаганын билдирип жатышат. Украинадагы соңку окуялар.
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Атлантада камаларын билдирди. Кыргыз-казак чек арасында кайрадан оор жүк ташуучу машиналардын кезеги көбөйдү.Социалдык түйүндөр аркылуу бийликти сындап жүргөн акын активист милицияга суракка чакырылды.
Чеченстандын президентин ачык сындап жүргөн активист Кыргызстанда кармалды. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандар ачкачылык жарыялай турганын айтып чыгышты. Орусиянын жаңы тарыхындагы Айга жасаган алгачкы миссиясы ишке ашпай калды.
Маңзат соодасына шек саналып камалган милиция кызматкерлерине байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев баштаган бир нече жетекчилер кызматтан алынып, ондон ашык кызматкер жазаланды. Орусиянын Украинанын Чернигов шаарына жасаган чабуулунан жети киши каза тапты.
Орусиянын армиясы 19-августта эртең менен Украинанын Чернигов шаарын аткылады. Орусиялык басылмалар Санкт-Петербург шаарындагы рейдде полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган жүздөй чет өлкөлүктү аныктаганын жазды. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу аралашкан Баткендин Кадамжай районундагы көмүр кендин чыры аяктай элек.
Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди.Украинадагы согушка катышып келгени үчүн кармалган Бекназар Бөрүгул уулунун арызын Нарын облустук соту караган жок. Шаар мэри Сергей Собянин 18-августка караган түнү дагы бир дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Кримчөйрөнүн ана башы деп аталган Камчы Көлбаевге козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды. Кыргызстан кайрадан кытайлык TBEA компаниясы менен иштеше турган болду. Орус армиясы 17-августка караган түнү Украинанын Херсон жана Днепропетровск облусунуна сокку урду.
Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны өттү. “Кумтөр Голд Компани” ишканасы алтын өндүрүүдөгү чыгымдарга байланыштуу түшүндүрмө берип, ага жумшалган каражаттар өскөнүн мойнуна алды. Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы Урожайное айылын Орусиянын армиясынан бошотконун билдирди.
Орусиянын улуттук валютасы – рубль дүйнөлүк валюталарга карата дагы арзандады. Кыргызстанда кызылча оорусунан эмделбеген эки бала каза болду. Орусиянын армиясы 15-августка караган түнү Украинанын Львов, Днепр шаарларын, Волын менен Хмельниц облустарын аткылады.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.