Бүгүн Чүй облустук сотунда таза суунун берилишин талап кылган акцияда кармалган үч адамдын бөгөт чарасын карап, абакта калтырды. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматыын башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына кысым болуп жатканы айтылууда. Жайдын күнү бышыкчылыкка карабай базарда азык-түлүк баасы түшкөн жок.
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Телеграм-каналы аркылуу жоочуларды жалдоо токтотулганын кабарлады. Оштогу милиция кызматкерлеринин маселесин министрликтен түзүлгөн комиссия териштире баштады. Фермерлер быйыл малга тоют тартыш экенин айтышууда.
Орусияда борбор азиялык эмгек мигранттарын текшерүү күчөдү. Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыккан төрт альпинист 10 күндөн бери дайынсыз болууда. Колумбиянын Медельин шаарында 33-эл аралык поэзия фестивалына катышып келген акын Алтынай Темирова менен маекти уга аласыздар.
Сурамжылоо: Президент Садыр Жапаровго ишенгендер былтыркыга салыштырмалуу 3% төмөндөдү. Орусия Одессадагы портко кайрадан ракета менен чабуул жасап, адам өмүрү кыйылды. Жалал-Абадда зордуктоого туш болгон келин кылмышка шектүү соттон бошоп кеткенине нааразы. 26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Ысык-Көлдө эс алуу учурунда эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка себеп болгон өспүрүм камалды. Ал башкарып бара жаткан моторлуу кайык кабылган кырсыктан эки адам каза болуп, дагы бирөө ооруканада оор абалда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны эки тараптын өкүлдөрү териштирип жатышат. Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жемкорлукка айыпталып, камакка алынды. Украинанын бир катар аймагы кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылды.
Түркияда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу байма-бай маалымат чыгууда. Айрымдар алданып калганын, психологиялык басым көргөнүн, ур-токмокко кабылганын айтышат. "Укугум бар" түрмөгүндө Анталиядагы "Кыргыз айымдары"” уюмунун негиздөөчүсү Периза Асанаалиева менен маектештик.
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдирди. УКМК Кумтөрдүн экологиялык долбоорлорго бөлгөн акчасынан миллиондор уурдалганын, териштирүү жүрүп жатканын маалымдады. Орусия Украинага чабуулун улантууда.
УКМК мурдагы экология министри Динара Кутманованы коррупцияга айыптап чыкты, ал өзү мындай кинени четке кагууда. Кыргызстандык ишканалар АКШнын санкцияларга байланыштуу чектөөлөрүнө кабылды. Серепчилер Орусиядагы мигранттарга каршы рейддердин кесепетин талдап жатышат.