Блогер Улукбек Карыбек уулу бейбаштыкка шек саналып, 48 саатка камакка алынды. Таза суусуз калган конуштардын тургундары нааразылыгын билдирип, Бишкектеги кан жолду бууп, кайра ачышты. Ал эми Чаткал районундагы төрт айылдын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясынын кен казышына каршы болууда. Орусиялык ырчылар Борбор Азияга көбүрөөк каттап калышты.
Жалал-Абаддын Чаткал районундагы төрт айылдын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясынын райондо кен казышына каршы болушууда. Билим берүү жана илим министрлиги жеке менчик мектептин 84 бүтүрүүчүсүнө аттестаттар эмне үчүн берилбегенин түшүндүрдү. Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди.
Балыкчыда туннелдин калыптарын жасаган Түркиянын ондой жараны эки айдан бери иштеген айлык маянасын ала албай жатканын айтып чыгышты. Европарламент Кыргызстандагы адам укуктары, сөз эркиндиги, ЖМКлар тууралуу резолюцияны колдоду. Киев үчүнчү түн катары менен орус армиясынын дрон чабуулуна кабылды.
Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесин жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу тууралуу Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту. Чаткалдагы от атышуу – криминалдын таасир талашы катары сыпатталып жатат.
Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин иши карала баштады. Орусияда мигранттарды текшерүү уланып, мыйзам бузгандарды Украинадагы согушка мажбурлаган, азгырган аракеттер күчөдү. Кыргызстанда быйыл жарым жылда сууга түшүп каза болгондордун саны 60ка жетти.
Орусия президенти Владимир Путин "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен "куралдуу козголоңдон" кийин жолукканы ырасталды. Бишкек шаарында митинг-пикет өткөрүүнү чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Өзбекстанда президенттик шайлоону Шавкат Мирзиёев жеңди.
Орусиянын Казакстан менен чектешкен “Маштаково” чек ара бекетинде айрым кыргызстандык жүк ташуучулар өтө албай турганын кабарлашты. Кыргызстан Казакстанды айланып өткөн жаңы транспорттук маршрут даярдалып жатканын айтууда.
Чаткал районунун 38 жаштагы тургуну октон жараат алып оор абалда ооруканага түштү. Ошто зордуктоого кабылган кыздын жакындары бул кылмышка "Казак" деген каймана аты бар кылмыштуу топтун өкүлү Умар Маратов катышы бар экенин айтып чыгышты.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.