Жогорку Кеңеш өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды. Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү башталды. Бишкекте кыргыз-немис саясий кызматташтыгы талкууланууда.
"Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген иликтөө жарыяланды. Кыргызстанга расмий сапар менен Германиянын президенти келди. Баткендиктердин негизги кирешеси болгон өрүктүн түшүмү быйыл жылдагыдан кыйла жакшы болууда.
Шопоков шаарында темир жол бекетинде чоң өрт чыктыОрусия украин аймагына пилотсуз учактар менен жапырт сокку урду. Кемпир-Абад ишине байланыштуу алгачкы алдын ала соттук угуу 22-июнга белгиленди. Суу тартыштыгы фермерлерди кыйнап жатат. Майыптыгы барлардын жүрүшү старт алды.
Кыргызстанда учак билети кымбат болуп жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү. Төө-Ашуу туннелиндеги абал айдоочуларды нааразы кылууда. Украин бийлиги Запорожье облусундагы алгачкы айыл орус күчтөрүнөн тазаланганын маалымдады. 80 проценти авариялык абалда деген маданий жайлардын маселеси.
Министрлер кабинети Баткендеги чек ара чатагында талкаланган үйлөр курулуп бүткөнүн жарыялады. Орус армиясынын Украинадагы соккуларынан соңку күндөрү 20дай карапайым тургундун өмүрү кыйылды.
Жалал-Абадда бийликти сындаганы үчүн кармалган ишкер Бакыт Борошовдун камакка алынганына эки ай болду. Таласта УКМКнын аймактык башкармалыгынын имараты ачылды. Бул арада коңшу Өзбекстанда диний негизде камоолор көбөйдү. Казакстанда узаган аптада токойду каптаган өрттөн 14 токойчунун өмүрү кыйылды.
Орусиянын Украинага бастырып киргенден бери пост-советтик чөлкөмдө деколонизация, десоветизация түшүнүктөрү кайра актуалдашты. Тарых илимдеринин доктору, профессорлор Аалыбек Акунов, Тынчтыкбек Чоротегин менен 90-жылдардагы демократиялык кыймылдар, тарыхка эки жүздүү саясат тууралуу талкуулайбыз.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен акыркы жолугушууда чек ара маселесин чечүү боюнча сунушун бергенин билдирди. Бейшембиге караган түнү Украинанын аймагында аба соккулары тууралуу эскертүү жарыяланып, таңга маал алынды.
Соңку он күн ичинде бул система аркылуу КМШ өлкөлөрүндө мамлекет аралык издөө жарыяланган 57 адам аныкталып, милицияга жеткирилди. Орусиянын армиясы Украинага жасаган ракеталык чабуул кеминде алты адамдын өмүрүн алды, ондон ашууну жарадар болду.
Коопсуздук кеңеши жана Коргоо министрлиги Кыргызстандын жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун иштеп чыкты. Украинанын Днепропетровск облусундагы үйгө тийген орус ракетасы кеминде үч кишинин өмүрүн алды. Бишкекте сөз эркиндиги жана адам укугу талкууланган жыйын болду.
31 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.