12-июнда Жалал-Абад облусунда Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы өттү. Абай районундагы Семей токоюнда 9-июнда чыккан өрт 14 токойчунун өмүрүн жалмады. Депутат Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечимине каршы арызданарын билдирди.
БУУнун баш катчысынын орун басары Мартин Гриффитс Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан 700 миңдей адам таза суусуз калганын билдирди. Кыргызстанда сырттан каржы алган бейөкмөт уюмдарга «чет өлкөлүк өкүл» деген макам берүү мыйзам долбоорун сунуштаган айрым депутаттар авторлуктан баш тартты.
Кумтөр иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту Курманбек Бакиев менен кошо алты кишиге чечим чыгарды. Европа өлкөлөрүнө барып иштөөгө виза алып берем деген компанияларга алданганын айткандар “Азаттыкка” кайрылды.
Кой-Таш аскер бөлүгүндө кызматын өтөп жатып ооруканага түшкөн жоокер ок жегенден тышкары ур-токмокко да кабылганы белгилүү болду. Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыкты. AКШнын экс-президенти Дональд Трампка айып тагылды.
Бишкекте таза суу маселеси курч бойдон калууда, айрым тургундар нааразылыкка чыгып, бул маселе парламентте да көтөрүлдү. “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү бүттү. Украин президенти Владимир Зеленский Херсон облусунун суу алдында калган аймагына барды.
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу жүздөгөн машина кезекте турат. УКМК “Бийликти күчтөп басып алууга аракет кылган” деген шек менен кармаган төрт киши бул мекеменин тергөө абагына камакка алынды. ЖК регламентин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Украинадагы кырдаал.
Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен 30дан ашуун адам УКМКга жеткирилди. Бишкекке мамлекеттик сапар менен Катардын эмири келди. Кызыл-Кыяда мектепке “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желегин илип кеткен окуучу кыздар боюнча териштирүү жүрүп жатат.
Бишкек шаарынын тургундары күн ысыгандан бери таза суу көйгөйү курчуп баратканын айтышууда. Өзгөчө Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Жар өңдүү жаңы конуштарда абал оор. Шаар бийлиги тургундардын суу пайдалануусу ысырапкерчилик менен коштолорун билдирип жатат.
Көп сандагы вебкам студия уюштурган деген негизде коомчулукта кызуу талкууга алынып келаткан Даниэл Ажиев кармалганын атайын кызмат билдирди. Бийликти басып алууга аракет кылган деген шектүүлөр жапырт кармалып жатканы кабарланууда. Британияга ишке кете албай жаткандар бийликтен жардам сурады.