Мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев боюнча талкуу жаралды. Кемпир-Абад боюнча камакта отургандар аларды улам башка бөлмөгө которуп, басым көрсөтүп жатышканына нааразылык иретинде саясий ачкачылык жарыялашты. Молдовада өлкөнүн европачыл өкмөтүн колдогондор митингге чыгышты.
2005-жылы элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып чыккан мурдагы президент Аскар Акаев жубайы менен Кыргызстанда жүргөнү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. "Кыргызиндустриясы" компаниясы парламентте сынга кабылды. АКШда миграциялык жаңы эрежелер башталды.
АКШнын санкцияларына кыргызстандык алгачкы компания илингени белгилүү болду. Орусияда кыргыз паспортун саткан жарнама көбөйдү. Ушул темалар жана Борбор Азиядагы соңку апта ичиндеги орчундуу окуялар тууралуу кененирээк.
"Азаттык" "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу Украинадагы согушка кетип каза тапкан жаңы эки учурду тактады. Кытай биринчи жолу Борбор Азия лидерлери менен саммит өткөрөт. Бишкектеги турак үйлөрдөгү лифт маселеси Туңгуч кичи районунда адам өлүмү менен аяктаган окуядан соң кайра талкууда.
Чүйдүн Дмитриевка айылында террорчулукка шектүү адамды кармоо учурунда атышуу болду.Жогорку Кеңеш бийликчил фракция сунуштаган талапкер Жамиля Жаманбаеваны акыйкатчы кылып шайлады. Oрусиялык аскерлер шаршембиге караган түнү Украинаны кайрадан аткылашты.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасында коомдук ишмер Азамат Алтайга (Кудайберген Кожомбердиев) арналган бурч бар. Анда Азамат Алтай чогултан «Ала-Тоо» журналынын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин ондогон нускалары жана үй-бүлөлүк архиви сакталып турат.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин маеги талкуу жаратты. Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырды. Киев шейшембиге оогон түнү ракетадан жапырт аткылоого кабылды.
1930-жылдары Кыргызстандын Талас аймагында көтөрүлүш болуп, эл кулакка тартуу саясатына жана башка басым-кысымга каршы чыккан. Бул окуянын арты эмне менен бүткөн жана анын кесепети кандай болгон? Коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору Талант Разаков жана “Азаттыктын” редактору Заирбек Бактыбаев менен талкуулайбыз.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адамдарга көп суммада зыян келтирип, каржы пирамидасын жалпыга маалымдоо каражаттарынан, интернеттен ачык жарнама кылгандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду.
Ички иштер министрлиги Ош шаарында кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандагы курал-жарак табылганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, эки күн мурда акча алмаштыруучу жайды карактап, Кара-Суу районунда автоунаага ок чыгарган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.