Баланы зордуктаган кылмышкерди өлүм жазасына тартуу керекпи? Бул маселе кайрадан мамлекет деңгээлинде талкуулана баштады. Түркияда президенттик шайлоонун алдында талапкерлердин бири жарыштан чыкты. АКШга Мексика аркылуу кирүүгө аракет кылып чек арада турган кыргызстандыктар кантип күн көрүүдө?
Украина орус армиясы Бахмуттун айрым бөлүктөрүнөн чегинүүгө аргасыз болгонун билдирди. Орус түрмөсүндө жаткан жеринен "Вагнер" аркылуу Украинага барган дагы бир кыргызстандык каза тапты. Кыргызстанда Конституция зарылчылык болсо дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин парламент жетекчиси билдирди.
“Элдик курултай” мыйзамынын долбоору өзгөртүлүп, анын бир топ ыйгарым укуктары азайганы белгилүу болду. Кыргызстан менен Орусия маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен ишин күчтөндүрөт деп айтылды. Баткенде аткезчиликке шектүү адамдар тобу менен күч кызматкерлери ортосунда жаңжал чыкты.
Кыргызстан фашисттик баскынчыларга каршы согушта курман болгон жүз миңдеген уул-кызын эскерүүдө. Ал эми Украинага кол салганы үчүн эл аралык коомчулукта баскынчы аталып отурган Орусиядагы Жеңиш парадына Борбор Азия лидерлеринин катышканы түрдүү талкууга жем таштады.
Президент Садыр Жапаровдун Москва сапарында Кыргызстандагы орус тил маселеси көтөрүлдү. Маалымат каражаттарын чектөөнү сунуштаган аткаминер “Манас” ордени менен сыйланды. Украина 8-майды «Эскерүү жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы нацизмди жеңүү күнү» деп белгилеп жүрмөй болду.
Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялыктардын катарында Мамлекеттик Думанын депутатынын үй-бүлөсү, жергиликтүү депутаттар, спортсмендер, ишкерлер да бар
“Хроники” долбоору былтыр декабрдын аягында Мамдуманын депутаты Юрий Петровдун жубайы жана балдары кыргыз жарандыгын алышканын билдирди. Кыргызстанда Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Туристтик сезондун алдында “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасынын айланасында чыр күчөдү.
Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 30 жыл болду. Эки күн тынымсыз жааган кардын кесепетинен Нарындын Ат-Башы жана Ак-Талаа районундагы малчылар оор абалга кептелди.
Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга түшүп, 122-сапка жайгашты. Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды. Аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөрдү бириктирүү иштерине Жумгалдыктар нааразы болууда.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун парламенттин тармактык комитети карап, четке какты. Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта жаткан саясатчы, активисттердин бөгөт чарасын кароо уланды.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.