Бишкек шаарында бир катар мектептерге 20-апрелде эртең менен бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар үйлөрүнө коё берилди. Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алууну сунуштады. Орусиядагы борбор азиялык мигранттарды согушка чакыруу жанданганы байкалып жатат.
УКМК Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук соту ЭлТР мамлекеттик телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын карай баштады. Украин куралдуу күчтөрү Орусия бүт күчүн Бахмут менен Марьинкага таштаганын, соңку бир аптанын ичинде 70 чабуулдун мизи кайтарылганын кабарлады.
Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отургандардын айрымдарынын ишин карап, аларды 20-июнга чейин абакта калтырды. Кыргызстандын мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси кызматынан кеткен Евгения Судец Максим Бакиевut байланышы жоктугун белгиледи.
Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө митинг өткөрүүгө тыюу салынганына бир жылдан ашты. 2022-жылы март айында киргизилген мындай чектөө улам-улам узартылып жататэ
Президент Садыр Жапаров "АЮ" компаниясынын эки заводу мамлекетке конфискация болуп жатканын, буга ишкананын жасалма акциздик маркалар менен соода жүргүзгөнү жана мыйзам бузуулары себеп болгонун айтты.
Түркиянын бийлиги быйыл үч айда эле 28 миңдей чет өлкөлүк депортациялаганын билдирди. Алардын дээрлик көпчүлүгү ооганстандык жана пакистандыктар. Ошол эле учурда Түркиянын депортация борборлорунда 450дөй түркмөнстандык кармалып турганы да кабарланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банкка жана Эл аралык валюта фондуна карызды экологиялык долбоорлорго алмаштырууну сунуштады. Мурда президент Садыр Жапаров да ушундай кайрылуу жасаган. Кыргызстандын аталган эки мекемеге бересеси 600 млн. доллардан ашат.
Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан. Расмийлер бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө.
Орусиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун эти табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл жүргүзгөн кызматтарынын ишин чабал деп баалады. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбос” компаниясы дооматты четке кагууда.
Ирактын түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял “Азаттыкка” кайрылып, мекенге кантип кетебиз деп жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирип берүүнү өтүнүштү.
17 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.