Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 80дей кожолук жашайт. Кыштакта электр энергиясы, медпункт, мектеп жок. Уюлдук байланыш да жакшы тартпайт. Жаштар шаарга ыктап, айылда улгайган адамдар көп.
Рапия Акимжанова 10 жылдан ашуун убакыттан бери жашы жете элек балдарды убактылуу асырап келет. Ал караган балдардын басымдуусу мигранттардын балдары. Фостердик үй-бүлөлөр атайын окуудан өтүшөт. Тест тапшырган соң убактылуу бала багуучу боло алат.
Кара-Суу районундагы мектепте 29-мартта ууланган 43 окуучунун 23ү ооруканада жатат. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Атырга ууланган балдардын айрымдары 30-мартта да ооруканага кайрылган.
Бишкектин Алтын-Казык конушунда 25-март күнү кечинде Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген 21 жаштагы Нурмухаммед Султановду сабап кетишкен. Милиция бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү жүрүп жатканын кабарлады.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев Ноокен районунда эл менен жолугушууда жергиликтүү дыйкан менен кайым айтышканы Интернетте тарап, талкууга алынууда.
"Азаттыкта" иштегендер арасында акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Абдалова дагы бар. «Азаттыктын» 70 жылдыгына карата Фатима Абдалованы студияга чакырып маектештик. Кубат Оторбаев менен интервьюсунда ал журналистика, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 27-мартта мандатын тапшырганын жарыялап, буга өзү катышкан мушташ себеп болгонун, мындан ары депутат катары ишин улантууга моралдык укугу жоктугун айтты. БШК аны мандаттан ушул эле күнү ажыратты.
Түркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодарган себебин, чоң атасы Рахманкул хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.
The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатышканын жазды. Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсеси кыргыз жарандыгын алууда коррупциялык көрүнүштөр бар экенин ачыкташты.
2005-жылдын 24-мартынан кийин Кыргызстанда буюртма адам өлтүрүүлөр көбөйгөн. Айрымдар аны Курманбек Бакиевдин кандуу режиминен көрсө, айрым эксперттер кландык жана криминалдык күрөштөрдүн натыйжасында кан көп төгүлгөнүн айтышат.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.