Соңку жаңылыктар

Соңку жаңылыктар

By ЭЕ/АҮNewsDaily News
Download on the App Store

Соңку жаңылыктар episodes

  • Ырысбай Абдыраимов: "Аксы окуясынан ар бир бийлик сабак алыш керек"
    Ырысбай Абдыраимов 20 жылга жакын убакыт "Азаттыктын" Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген. Ал коомдук-саясий урунттуу окуялардын көбүнө түздөн түз журналист катары катышкан. 2002-жылдагы Аксы окуясын утурлай, ошондой эле "Азаттыктын" 70 жылдыгына карата аны менен маектештик.
    19 min
  • Миграция балдары: сагыныч, кусалык, таарыныч
    Балдарын үйүндө калтырып, четте миграцияда жүргөн ата-энелердин перзенттеринин сагынычы жана анын кесепети тууралуу баян. Ошто туулуп өскөн Таалай Түгөлбаевдин ата-энеси ал беш жашында Орусияга иштегени кеткен. Кусалыкта чоңойгон Таалай азыр эки кыздын атасы. Балдарынан алыска кеткиси келбейт.
    9 min
  • Кечки радио эфир | 15.02.2023 |Кыргыз-тажик чек арасы: Дуйшөмбүдө жумушчу топордун жолугушуусу өтүүдө
    Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өтүүдө. Мамлекеттин карамагындагы "Керемет Банктын" айланасындагы жаңжал уланууда. Кара денизде америкалык чалгынчы дрондун орусиялык кыргын салуучу учак менен кагылышуусун Вашингтон “эл аралык мыйзамды одоно бузуу” деп мүнөздөдү.
    31 min
  • Добушу таттуу Бактыгүл - "Азаттыктын" алгачкы аял кабарчысы
    "Азаттык" радиосунун эң алгачкы аял кабарчысы, Бактыгүл деген ысым алдында 24 жылдай добушу ободо жаңырган Майра Жакып келинин эскеребиз. "Азаттыкты" түптөгөндөрдүн бири Төлөмүш Жакып уулунун жубайы 2014-жылы Мүнхен шаарында 76 жашында дүйнө салган.
    22 min
  • Кечки радио эфир | 14.02.2023 | Мушташкан депутат кечирим сурады
    Тенгиз Бөлтүрүктүн аялы ачкачылык жарыялаганын билдирди. ЖК депутаты Жаныбек Абировдун мушташып, күзөтчүнү катуу сабаган видеосунан кийин бийликтегилердин моралдык жүзү деген тема талкууга түштү. Украина кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылды.
    30 min
  • Балдар эмне үчүн укпай калат?
    Дүйнөдө бир миллиарддан ашуун жаштар кулакчындан катуу музыка уккандыктан дүлөй болуп калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет. Ал арада Кыргызстанда балдар менен өспүрүмдөрдүн угуусун текшерген бир эле мамлекеттик сурдолог иштейт.
    16 min
  • Кербен шаарындагы ооруканадан өрт чыкты
    Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 13-мартта салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун экинчи окууда карап, аны жактырды. 13-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында оорукананын имаратынан чыккан өрт саат 11:23тө толук өчүрүлдү. Украинанын армиясы соңку бир сутканын ичинде Бахмут шаарынын айлана-тегерегинде орус күчтөрүнүн бир нече чабуулдарынын мизин кайтарганын билдирди.
    30 min
  • Кечки радио эфир | 12.02.2023 | Салык кызматынын ишкерлерге эскертүүсү талкууга түштү
    Ошто Салык кызматынын ишкерлер митинг-пикетке чыкса, анын кесепети оор болорун эскерткен каты талкууга түштү. Айрым эксперттер бул кат Баш мыйзамдагы адам укугун бузууга жатарын айтып чыгышты. Мамлекеттик салык кызматы кат боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди.
    30 min
  • Кечки радио берүү | 11.03.2023 | Чуулгандуу ишкер инвестор аталды
    Бишкекте ири мейманкана жана мечиттин курулушун баштоо иш чарасында чуулгандуу ишкер Хабибулла Абдукадыр менен президент Садыр Жапаровдун бирге жүргөнү коомчулукта талкуу жаратты. Президент Жапаров ишкерди өлкөгө акча салган инвестор деп атады.
    30 min
  • Басмачылык кыймыл: далилдүү маалыматтан уламыш көп
    1918-1930-жылдары Борбор Азияда совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар тууралуу талаштуу пикирлерге азырга чейин чекит коюла элек. Басмачылар баатырларбы, талоончуларбы? Укуктук баа берүүдө эмнеге көңүл буруш керек? “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул теманы талкуулайбыз.
    19 min

About Соңку жаңылыктар

From the publisher's feed

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More shows like Соңку жаңылыктар

Majlis by RFE/RL

Majlis

41 Listeners

Весь эфир by RFE/RL

Весь эфир

52 Listeners

Американские вопросы. Архив by RFE/RL

Американские вопросы. Архив

17 Listeners

Аудионовости by RFE/RL

Аудионовости

4 Listeners

Музыка на Свободе.Архив by RFE/RL

Музыка на Свободе.Архив

13 Listeners

The Week Ahead In Russia by RFE/RL

The Week Ahead In Russia

47 Listeners

Золотой запас Свободы by RFE/RL

Золотой запас Свободы

2 Listeners

Цитаты Свободы by RFE/RL

Цитаты Свободы

3 Listeners

Радіо Донбас.Реалії by Радіо Свобода

Радіо Донбас.Реалії

2 Listeners

Радио Свобода by RFE/RL

Радио Свобода

36 Listeners