Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын дээрлик баарынын абак мөөнөтү өзгөрүүсүз калды. Си Цзинпин Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү ирет шайланды. Ал эми Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү референдуму 30-апрелге белгиленди, ага ылайык, Шавкат Мирзиёевге үчүнчү мөөнөткө шайланууга жол ачылат.
Украинанын бир катар аймагы кайрадан жапырт чабуулга кабылды. Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик-2023” баяндамасында Кыргызстанды быйыл да “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургундары аларга жер саткандарды жоопко тартууну талап кылып чыгышты.
Бишкекте кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын талап кылган акцияга жүздөгөн адам катышты. Грузияда “чет элдик агент” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алгандан кийин нааразылык акциялары тутанды. Казакстанда кимде ким коомдук жайда сөгүнсө, ага айыппул салынып же камакка алынмай болду.
Британиянын чалгын кызматы ишембинин кечинде украин армиясы шаарга тандалма бөлүктөрүн жөнөтүп жатканын маалымдады. Ал арада Европа парламентинин төрайымы Роберта Мецола Украинадагы согуш кылмыштарына күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш деп билдирди.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтына 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чыгышты. Алар Курманбек Бакиевди актоо аракеттерине жана 7-апрелдин календардагы статусунун өзгөрүшүнө байланыштуу бийликке кайрылды.
Орусияда Украинанын оккупацияланган аймактарына жасат чогултуп, окоп казууга жана ашкана, тазалык иштерине борбор азиялыктар дагы тартылууда. Орус абактарында отурган аялдардын арасынан мурда медайым болуп иштегендерге дагы ушундай сунуштар түшө баштады.
Сөз эркиндиги жана өлкөнүн эгемендиги тууралуу кеп кылганда “Азаттыктын” ролу эбегейсиз экендиги талашсыз. “Азаттыктын” Кыргызстанда түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандардын бири - Тынчтыкбек Чоротегин. Ал ““Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору болуп бир топ жыл иштеген.
Бишкектеги базарларда иштеген жүздөгөн адам 2-мартта жаңы салык эрежелерине каршы митингге чыкты. Алар товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) колдонула баштагандан бери чыгымы, убара-түйшүгү көбөйгөнүн, алып-сатуу солгундаганын айтып жатышат.
Бишкекте абакта кармалып турган украин жараны Владимир Кадария президент Садыр Жапаровго кайрылып, Беларуска экстрадиция кылбоону суранды. Өз кайрылуусунда Кадария саясий куугунтуктан улам Беларустан Украинага качып барып, ал өлкөнүн жарандыгын алганын айтууда.
Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасына жылына 200дөй бала оозу, кызыл өңгөчү жана ашказаны күйүп кайрылат. Алардын көбү майып болуп каларын дарыгерлер эскертишет.
15 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.