Мурдагы президенттердин жолугушуусунун айланасындагы талаш-талкуу уланууда. Майда соода-сатык менен алектенген ишкерлер салык боюнча жаңы эрежелерге каршы болуп жатышат. Украинага басып киргенинин бир жылдыгын утурлай орус президенти Владимир Путин элине кайрылуу жасады.
Кыргызстандын мурдагы президенттеринин жолугушуусунун чоо-жайы коомчулукта кызуу талкууланууда. Кыргызстанда ушу тапта бир нече басылма боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Орусия Украинага чабуулдарын күчөттү, ал арада Киевге АКШ президенти Жо Байден барды.
Кыргызстандын алты президенти бир жерге чогулганы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар президент Жапаровдун бул кадамын колдосо, бул иштин мыйзамдык жагын айтып, сындагандар болууда. Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганы менен түшүндүргөн.
Бишкек шаарынын эки сотунда “Азаттык Медиа” мекемесинин сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча эки сот отуруму болду. Бишкек шаарында 51 жаштагы аялды жана анын эки баласын өлтүргөн үрөй учурган кылмышка шектүү катары 36 жаштагы жаран кармалды. Соңку күндөрү Орусия Украинанын аймактарына ракеталык чабуулун улантты.
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда кар көчкү алдында калгандар арасында этникалык кыргыздар дагы бар экени белгилүү болду. "Вагнер" аркылуу Украинадагы согушка кеткен кыргыз жаранынын сөөгү Чүйдүн Ленин айылында жерге берилди. Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандан, Казакстандан жөнөтүлгөн жана Түркиянын өзүндө жасалган ондогон боз үй тигилди.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде кармалгандардын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кайра карала баштады. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет жакка учуп кетти. Дагы бир каржы пирамидасынан жабыркап, акча жоготкондор "Азаттыкка" кайрылды.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдарында Украинанын Херсон аймагына айдалып, репрессияланган кыргыздар тууралуу белгилүү журналист жана публицист Амирбек Азам уулу, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызынын изилдөөлөрү менен тааныштырабыз.
Кыргызстанда 10 жаштан 24 жашка чейинки жаштардын көпчүлүгүнүн көзү начарлап, 21% ашыгы аз кандуулук менен жабыркаса, 40% чукулу толук кандуу тамактанбайт. Ошол эле маалда ашыкча салмактан жабыркаган өспүрүмдөр барган сайын көбөйүүдө.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында зилзалада каза болгон келиндин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Түркияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 32 миңге чукулдады.
31 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.