Эсеп палатасынын жүз барактан турган отчетунда кызматкерлердин эс алуусунан баштап, кайрымдуулукка коротулган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип, тыйынына чейин жазылган.
Жогорку Кеңеште санарип өнүктүү министри Талантбек Иманов менен "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы, эң ириде энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталган Алексей Ширшовдун байланышы тууралуу дагы маселе көтөрүлдү.
Орусияда жугуштуу ооруларга текшерилген мигранттардын айрымдары так эмес диагноз коюлуп жатканын айтышууда. Маданият министрлиги "Клооп" веб-сайтындагы АРИС тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылууда.
1920-50-жылдардагы репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоору бир айдан бери талкууланууда. 1994-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордо Улуттук архив фонду тууралуу дагы өзгөртүү сунушталды. “Куугунтук курмандыктары” подкастында ушул маселени талкуулайбыз.
Эки жашар кызын сабап жатканын видеого тартып, күйөөсүнө жөнөткөн келин бир айга камакка калды. Бул чечимге ал өзү жана анын жакындары нааразычылык билдиришти. Ушул тапта келиндин үч баласы балдар үйүнө жайгаштырылды.
Оштун Кара-Суу районундагы ок атышууга шектүүлөр кармала элек. Аларга «каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. 30-январда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
Нарындын Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков жайыттарды коргоого жан үрөп жүргөн экоактивист. Ал соңку жылдары жайыттардын такырайып кеткенин иликтеп, экологиялык бул көйгөйдүн алдын алуунун камын көрүп жүрөт.
Тегеран Исфахан шаарындагы аскердик заводго чабуул койгон дрондор атып түшүрүлгөнүн айтууда. Ал тапта айрым булактар Израил Ирандын аскердик өнөр жайын жок кылуу үчүн атайын аскердик операция баштаганын кабарлады.
Кадимки отун жана газ жакпаган, зыяндуу заттарды айлана- чөйрөгө такыр бөлүп чыгарбаган конуш бар. АКШнын Колорадо штатындагы Geos конушун экоактивисттер, жашыл энергиянын жактыргандар, окумуштуулар жана курулуш жаатында иштеген адистер негиздеген. “Азаттыктын” кабарчысы жашыл конушта болду.
10 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.