Президент Садыр Жапаров энергетикалык каатчылык тууралуу пикирин жарыялады. Анда өлкө башчы электр энергиясынын тарифин көтөрүү зарылдыгы тууралуу кеп козгоду.
Ооганстандагы кыргыздардын көйгөйү кайрадан күн тартибине чыкты, алардын кыргыз бийлигинен жардам сураган кайрылуусу жарыяланды. Бишкек шаарында көмүр тартыш болуп, баасы жогорулап кетти. Караколдо төрөт үйүндө эки аптада алты ымыркай чарчап калган окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.
2023-жылдын 18-мартында “Азаттык” радиосу обого чыга баштаганына 70 жыл толот. Бул подкастта "Азаттыктын" тарыхы, радионун Кыргызстандын жана анда жашаган элдин эркиндиги жана укуктары үчүн кошкон салымы тууралуу кеп кылабыз.
Бишкектеги ички миграция, башаламан курулуш, жаңы конуштар жана таштанды полигону... Сүрөтчү, режиссер, архитектор Шайлоо Жекшенбаевдин "Түтүн" аттуу көргөзмөсүндө мына ушул көйгөйлөр ар кыл өңүттөн чагылдырылган.
Бийликтин электр жарыгы кышында маал-маалы менен өчүрүлбөйт деген убадасына карабастан кыштын эң суук күндөрүндө жарык көп өчүп жатканы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү. Кемпир-Абад боюнча камалгандар иши «жашыруун» деп аталды. Казакстан башка өлкөнүн жарандары үчүн талаптарын күчөттү.
Мүлкү мамлекетке чегерилет деген мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин эч бир мүлкү алына электиги маалым болду. Интернеттеги жазгандары 5 миңден ашуун адамга тараган колдонуучуларды ЖМКга теңөөнү сунуш кылууда. Баткенде үй-жайынан ажырагандардын айрымдарына жаңы үй курулуп берилди.
2019-жылдан бери органдарын алмаштыруу үчүн кезекке турган кыргызстандыктар төрт миңден ашты. Боор, бөйрөк, жүлүн алмаштыруу зарыл болгон бейтаптар коомчулуктан жардам сурап, он миңдеген доллардык операцияга акча чогултууга мажбур.
Бишкекте дагы бир нече жерде митинг өткөрүүгө тыюу салынды/ Украиндер орус армиясынын ракетасы тийген үйдө набыт болгондорду эскерүүдө. Кыргызстандыктар эмгек сиңирген артист Малик Аликеев менен коштошууда.
Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Борбор Азия өлкөлөрүнөн келип орус жарандыгын алган адамдарды Украинага каршы согушка жөнөтүүнү сунуштады.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.