Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бүгүн шаарда жылуулук маал-маалы менен берилип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчулары жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыздап жатат.
Кыргызстанда айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам жаңы жылдан тарта күчүнө кирди. Жарандык активист Адилет Балтабай прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде кайра камакка алынды. Бажы кызматы 2022-жылы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча коюлган план 100,8% аткарылганын жарыялады.
Бишкектеги базарларда табышмактуу жагдайда кармалып, кургатылып, тутамдап сатылып жаткан уникалдуу кызыл колтук баканын "Кызыл китепке" киргенин баарыбыз билбейбиз. Тукум курут болуп бараткан кызыл колтук баканы сактоо эмне үчүн маанилүү? “Жашыл планета” түрмөгүнөн угуңуз.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Украинадагы согушка катышкан кыргызстандык кармалганын билдирди. Эл аралык "Жарандык тилектештик" платформасынын мүчөлөрү "Азаттык" радиосу кабылган жагдайды сындап, Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин сактоого үндөштү. Донецк облусунун тузга бай Соледар шаарындагы айыгышкан кармаш түнү менен уланды.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселеси парламентте кайрадан көтөрүлдү. Кыргызстанда 10 млн. жана 20 млн. сомдон ашык инвестиция салган чет өлкөлүк жарандарга беш жылдан 10 жылга чейин виза берүү боюнча мыйзам кабыл алынды. Астана активисттердин Украинанын Буча шаарында боз үй тигип, ал жерден тургундарга ысык тамак берип атканынан эч кандай кынтык көрбөй турганын билдирди.
Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча мыйзамдуулукту талап кылып нааразылык акцияга чыккандардан 27 кишини милиция кармап кетип, кайра бошотту. Москва райондук сотунда тоноого шек саналып жаткан төкмө акын Болот Назаровдун иши каралып жатат. Орусиянын "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочулары 10-январдын таңында Донецк облусундагы Соледар шаарында украин армиясына катуу сокку урду.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Кытайда СOVID-19 инфекциясы жайылып жатканын карабай, пандемиядан улам 3 жылдан бери өкүм сүргөн катаал чаралар алына баштады. Синоптиктер Кыргызстанда ушул аптада суук түшөрүн эскертүүдө.
"Камбар-Ата-1" ГЭСин башкаруу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт.
Кыргызстан казак бийлигинин бул өлкөдөгү былтыркы кандуу окуяга кыргыз жарандарынын катыштыгы тууралуу билдирүүсүн четке какты. Чолпон-Атадагы ат майдандын кызматкерлери бир жылдан бери айлык албай, жетекчиликтин кордугуна кабылып жатканын айтып чыгышты.
30 min
About Соңку жаңылыктар
From the publisher's feed
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.